Кыргыз өлкөсүндө 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан франциялык кыз табылды

Кечээ, 17-октябрда 102 кызматына Франциянын Пьер аттуу жараны байланышка чыгып, Флорентина Кариерди аттуу курбусу Кыргыз өлкөсүндө ушул жылдын 9-октябрынан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы маалымдаган.

Бүгүн, 18-октябрда дайынсыз жоголгон франциялык кыз табылды. Бул тууралуу Facebook колдонуучусу Мурат Исмаилов билдирди. "Флорентина аман-эсен табылды. Балыкчыдан Чоң Кеминге чейин жеткирип койдук. "Чоң Кеминди кыдырып алып, бүгүн Бишкекке барам" деди. Жолдошу Бишкекте экен аны менен телефондон сүйлөштү", - деп жазган Исмаилов.

Маалым болгондой, Флорентина Кариердин телефону бузулуп, байланышка чыга албай калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Goodyer
2019-10-18 19:43:30
Бироо жарымды таап алса керек да)))
+8
Kyrgyz-jigit.com
2019-10-18 20:09:20
Goodyer,айласиз))
+3
Ernisbii
2019-10-19 15:23:05
Чет өлкөлүк жарандар бир нерсе болсо эле кайгырчуу болдум,аман эсен тынч болсо экен бизге жаманаттысы тийбесе экен деп,жакшы болуптур табылганы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан