Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памир аймагына Кыргыз өлкөсүнөн барган Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкери ал жактагы аялдын төрөтүн кабыл алды. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти. Ага ылайык, акушер-гинеколог Индира Мырзалиева 13-октябрда ай күнүнө жеткен аялды төрөткөн.
"Кыйынчылыктарга карабай, төрөт жеңил өттү. Натыйжада 2 килограмм 700 грамм салмактагы наристе жарык дүйнөгө келди. Уул экен. Эненин жана баланын абалы жакшы. Дарыгер тарабынан баланы туура эмизүү жана кам көрүү боюнча кеңештер берилди", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, төрөткө баланын атасы да катышып, тажрыйбалуу дарыгерлерге туш келгенине кубанганын айткан.