Казакстандык журналист Аскар Актилеу студенттери менен "Супер-Инфо" гезитинде жана SUPER.KG порталында конокто болушту

Казакстандык журналист Аскар Актилеу өзүнүн журналистика мектебинде окуган 12 студенти менен "Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын ишмердүүлүгү менен таанышып, конокто болушту.

Аскар Актилеу студенттерим Кыргыз өлкөсүндөгү массалык маалымат каражаттарынан мотивация алышат деген тилек менен келгенин айтып, буларга токтолду.

"Мен 2018-жылы Актөбе шаарында медиа мектеп ачкам. Ал жакта журналистика боюнча 2 ай окутам. Былтыр дагы Кыргыз өлкөсүнүн журналистика тармагы менен студенттеримди тааныштырып кеткем. Баш аягы 40 адам менин мектебимди бүтүп, 10у өз кесиби менен жумушка орношту. Азыркы студенттеримдин арасында дагы иштеген адамдар бар. Аларга мен өзгөчө "Супер-Инфо" гезити тууралуу айтып берчүмүн. Себеби силерде сөз эркиндиги бар жана дайыма коомдогу актуалдуу маселелерди жазып, баяндайсыңар. Канча жылдан бери тиражды калктын саны биздикинен аз болсо дагы сактап келесиңер. Мен ушуларды студенттериме айтуу менен бирге өз көздөрү менен көрүүсүн туура көрдүм. Алар сөзсүз бул тажрыйбаларды келечектеги ишинде пайдаланат деп ойлойм.

Кыргыз өлкөсүндө жана Украинада сөз эркиндиги бар. Ошондуктан силерден тажрыйба алууну туура көрөм жана жыл сайын жаңы окуучуларымды алып келүүгө аракет кылам", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан