Бишкектеги Мурас-Ордо конушун борбордук суу түтүкчөлөр тармагына кошуу пландалууда

Борбордун четиндеги Мурас-Ордо конушуна суу түтүк тармактарын куруу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Ага ылайык, аталган конушта аралыгы 9,5 миң метрди түзгөн суу түтүкчөлөрү орнотулат.

"Мурас-Ордо конушун канализациялык суу түтүкчөлөрүнө кошуу иштери башталды. Ушул жылдын аягына чейин орнотулуп бүтүп калат. Бул долбоорго жалпы 13 миллион 770 миң сом акча каражаты жумшалат" - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Бишкек мэриясы борбордун башка конуштарын да магистралдык канализациялык тармактарга туташтырууну пландаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан