«Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат», - деди президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 18-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышууда.
Мамлекет башчынын айтымында, учурда республиканын жылдык керектөөсү 12,5 миллиард килоВатт саатты түзөт, энергиянын 60 пайызы калк тарабынан, калган 40 пайызы бюджеттик мекемелер жана бизнес тарабынан керектелет. "Өлкөдөгү электр энергиясынын көпчүлүк бөлүгү, тагыраак айтканда 90 пайызы ГЭСтер тарабынан өндүрүлөт. Анын ичинде Токтогул ГЭСи — эң ири жана эң маанилүү электр станциясы, бул станциянын өлкөбүз үчүн мааниси зор. Өлкөдөгү бардык электр станциялары чыгарган энергиянын 40 пайызы ушул жерден иштелип чыгат. Анын кубаттуулугу 1 200 МВатты түзөт. Бир жылда 6 миллиард килоВатт саатка жакын энергия чыгарат. Муну менен катар Токтогул суу сактагычы — Борбордук Азиядагы эң чоң суу топтогучтардын бири. Ал биз үчүн гана эмес, жакынкы коңшулар үчүн да сугат суунун булагы катары кызмат кылат. Ушуга байланыштуу ГЭСтин эл аралык мааниси да түшүнүктүү", - деди президент.
Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилгенден тартып иштеп, станциянын негизги жабдуусунун техникалык ресурсу иштелип бүткөн. Аны реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес, ушул себептен ГЭСтин жабдуулары толугу менен алмаштырууну талап кылган. Токтогул ГЭСин жаңылоо үч фазадан турат. Биринчи фазасын ишке ашыруу 2017-жылдын май айында башталган. Азыр ГЭСтин төрт энергетикалык блогунда тең негизги электр-механикалык жабдуулар — күч трансформаторлору жана кабелдик линиялар, ошондой эле башка көмөкчү энергетикалык жабдуулар алмаштырылды.
"Мурдагыга караганда коопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына жооп берген, заманбап материалдардан жасалган жаңы жабдуулар орнотулду. Так ушул жабдуулар биринчи кезекте алмаштырууга муктаж болчу. Анткени акыркы жылдарда тез-тез иштен чыгып, станциянын ишенимдүү иштөөсүн коркунучка кабылткан себептер жоюлат. Белгилей кетчү нерсе долбоордун аткаруучуларын тандоо ачык-айкын болгонунун натыйжасында, каражаттардын бир бөлүгүн үнөмдөөгө жетиштик. Анын эсебинен ГЭСтин бөлүштүрүү түзүмүн дагы кошумча реконструкциялоого мүмкүн болду. Долбоордун биринчи фазасын каржылоого 55 миллион доллар суммасында насыялаган Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирем. Долбоордун биринчи фазасы ийгиликтүү аякташы менен ГЭСти жыл сайын оңдоп-түзөө иштеринин учурундагы чыгымдар жана башка эксплуатациялык чыгымдар олуттуу түрдө азаят.
Долбоордун экинчи жана үчүнчү фазаларында станциянын төрт гидроагрегаты тең кезеги менен алмаштырылат. Жалпы суммасы 320 миллион долларды түзгөн бул иштерди каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын каражаттары жумшалат. Гидроагрегаттарды алмаштыруу 2023-жылга чейин аяктайт. Мындай татаал жана масштабдуу долбоорду ишке ашыруу — Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздайт. Үч фазаны тең бүткөрүүнүн натыйжасында, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВаттка өсөт. Бул долбоор — Камбар-Ата 2 ГЭСине тете дагы бир жаңы ГЭСти куруу менен барабар десек болот. Кудай буюрса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат. Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 100 миллион доллардан ашуун каражаттар үнөмдөлдү. Бул өткөрүлгөн тендерлердин ачык-айкын, адилет болгонуна дүйнөлүк гигант-компаниялардын атаандаштык менен конкурска катышканына байланыштуу болду", - деди Сооронбай Жээнбеков
Президенттин айтымында, үнөмдөлгөн каражаттардын сметалык баасы 160 миллион долларды түзгөн Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого жумшоо чечими кабыл алынды. Ошентип, Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн каралган суммага Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери толук жаңыртылат. Натыйжада, республика боюнча жалпы кубаттуулуктун 40 пайызга жакыны жаңыланган ушул эки ГЭСтен чыгат.
"Бул энергетика тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылат. Жалпы гидроэнергетика тармагын алганда, 2023-жылдын аягына чейин иштеп чыгарылган кубаттуулук 400 МегаВаттка жогорулашы күтүлүүдө", - деди президент.