Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 18-октябрда Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгиледи.

«Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мен бул чечимди колдодум», - деди мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын Баатырлары Акбаралы Кабаевге, Курманбек Арыковго ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеген жылдары СССРдин курамындагы Кыргыз ССРинин өнөр жайы, айыл чарбасы өнүккөн. Агрардык республикада завод-фабрикалар, тоо-кен өнөр жайы, энергетикалык объектилер пайда болгон. “Манас” аэропорту, Өкмөт үйү, Улуттук филармония, Спорт сарайы Турдакун Усубалиевдин жеке аракети менен бүткөрүлгөн курулуштардын эң ирилери болуп саналат.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин бир канча ирет Турдакун Усубалиевден көптү үйрөнгөнүн, андан бата алганын айткан. Ушул жылдын 6-ноябрында Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы майрамдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KAYRATBEK
2019-10-19 15:25:37
Урматуу президент коруп турабыз аракетиниз ото куч. Тынбай облус район аймактарды кыдырып бир жылда эмес ай сайын элди аралап колдон келишинче эл койгоюн чечкени аракет кылып атас. Акимдерге айыл окмотторго талапты кучотун.
-2
Flowhive
2019-10-19 16:48:13
Кайсы кызматы үчүн наамы берилет, Усубалиев Кыргызстан үчүн эмне жасаптыр,ошол маалда эле башка ССР дердин иштерин көрсөңөр
+6
Mister-X
2019-10-19 21:36:27
Flowhive,Усубалиев тарыхта начар башкаруучу бойдон калат.Коп жерибиз коншу мамлекеттерге отуп кетти.
+5
Mamiev
2019-10-19 22:02:15
Бизде жерди сатып бийликти жактагандарга медаль берилип сыйланат. Бирок тарых тараза деп бекер айтпайт. Эл билет кимдин ким экенин
+6
BekAmir
2019-10-19 22:23:37
усубалиев татыктуу эмес
+6
futboler
2019-10-20 00:19:45
#Менкаршымын
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан