Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жакындары Бишкекте тынчтык митингин өткөрүүдө

Бүгүн, 19-октябрда Бишкектеги Горький сейил багында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жакындары тынчтык митингин өткөрүүдө.

Канат Сагымбаевдин бир тууган иниси Марат Раимбек уулу бүгүнкү тынчтык митингин бийлик өкүлдөрүнөн агасына акыйкат чечим чыгаруусун суранып өткөрүп жатышканын айтты. "Бүгүн бийлик өкүлдөрүнөн, президенттен агама акыйкат чечим чыгаруусун суранып жатабыз. Менин байкем өз милдетин аткарды. Жасабаган иштерди моюнуна коюп жатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков көлдөгү митингде биздин чоң энелерибиз менен жолукканда агамдын камалуусу боюнча маалыматы жок экенин айткан экен. Чечип берем деп сөз берген экен, убадасын аткарат деген үмүттөбүз", - деди Сагымбаевдин иниси.

Маалым болгондой, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев "массалык баш аламандык", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "тергөө ишине тоскоолдук кылуу" беренелери боюнча шектүү деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Bektur2011
2019-10-19 11:14:23
Канат акылы болгондо Атамбаевдин арам иштерине аралашпайт эле. Эми азабын тартат. Атамбаев ушундай балдардын тагдырын талкалап алды. Пусть ответит!
-8
urmat94
2019-10-19 11:39:11
Ушуга эч эле тушунбой койдум да аны атамбаевди коргойсун деп жонотуптур анан озунун милдетин аткарды да ал эмнеге спецназдар баргыча чакыртып алган эмес аны ким тушунсо жооп берип койгулачы?
+11
filis
2019-10-19 12:06:18
Сооронбайдын ичеер суусу аз эле калды. Ак жеринен адамдарды каралап, Атамбаевтин жанында жургон учун гана камап жатат. Эл жакында которулуш жасаш керек. Сооронбай кетпесе далай адамдар ак жеринен камалып кетет. Сооронбайдын кордомой репрессиясы башталды. Эл журт которулобуз. Жээнбеков татыктуу адам эмес. Колунан бок келбейт. Куч менен гана бийлекте отурат.
+5
Bektur2011
2019-10-19 21:05:18
filis, Сооронбай Шарипович Жээнбеков улуттук лидер! Былжырай бербегиле! Ууруларды коргонду качан токтотосунар?
0
Losw
2019-10-20 06:07:16
Bektur2011, Соке УУРУ!!!
0
Losw
2019-10-20 06:14:46
Мен убагында Сапар Исаков, Атамбаев, Жанторо Сатыбалдиев ж.б. казынаны тоноп жатат, элдин ырыскысын уурдап жатат, кочмондор оюнунунан бизнес жасап жатат ж.б. деп чыкканда админдер мени банга айдачу, далилин жок деп...

Бугун эмнегедир ал боюнча эстеп да коюшпайт. Болбосо баары турмодо отурат, коррупция беренеси боюнча...

Мен бугун Соке менен Раимди УУРУ десем, дагы факт, далил жок деп мени банга айдоодо.
+1
Losw
2019-10-20 06:19:13
Эртен Соке менен Раим камалып элден уурдаган байлыктарынын эсеби чыкса админден эмне дээр экен?!!

Ошондо да беттери кызарбаса керек, туура эмес кылыптырбыз деп...

Мисалы элдин 99% Раим байлыгын бажыда иштеп жургондо арам жол менен кураганын билишет. Бир гана админдер билбейт. Элдин 99%тинин пикири кызыктырбайт. Же оздору изденишпейт, элдин баары калп айтпаса керек деп...

Сокенин кошоматчысы Сокени улуттук лидер дейт. Далилдесин!!! Далилдей албаса банга айда
+1
Losw
2019-10-20 06:20:29
Соке улуттук лидер болсо далилдегиле, далилдей албасанар Соке ууру десем очурбогуло, менден далил сурабагыла!!!
+1
Bektur2011
2019-10-19 21:09:04
filis,Сен 38 саясий лидер Атамбаевдин туздон туз буйругу менен камалганда кайда журот Элен? Азыр чыныгы кылмышкерлерди камап жатканда оюна келгенди оттой бербе!
0
bema_bema
2019-10-19 12:23:09
Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыраткандан кийин башка мамлекеттик коргоочулар ишин таштап кетишкен.Бул бала акчага азгырылгандыр. Эмне учун ошол кузотчулор менен кошо ишин таштап кеткен жок?
-8
yrmat88
2019-10-19 12:23:37
Соке кетсин!. Эки жылдан бери эки маселе чече алган жоксун. Жон эле олтурасын президент деген макамды пайдаланып, күн өткөрүп, ар кимди камап, кубанып. Соке бетке ачык айткан адамды беттен алган адам экен. Эч кимдин Сокенерге ичи жылыган жок. Раиммиллион уурулардын акчаларын адалдап журосун Соке.
+4
Kuttubek8483
2019-10-19 12:54:51
Оз милдетин аткарганы. Далил катары кызматын аткарганын токтоту буйругун алган эмес. Ошон учун аягына чейин АШАнын жанында болгон куносуу жок камалып отурат.
+4
chake
2019-10-19 21:18:13
Азыркы президент Легендарлуу Шоопур, Жан сакчылардын Кыргызстанды тупике алып келген башкаруусун иретке келтирип койду. Атамбаевдин стрелкасы менен жургондо бугун мамлекетте Уран иштетилип, Кытайлар жерибизди басып, ууру, коррупция онуккон безпредель өлкө болмокбуз
0
Absamat-90
2019-10-19 21:18:30
Октом апа чыкса жарашмак, уулум кайтыш болуп алты бала атасыз калды деп. Ошол жерде Сагынбаев айтпайт беле биз деле резина ок менен аталы шеф деп.
0
Absamat-90
2019-10-19 21:19:10
Атамбаевди колдоп сүйлөгөн видеосун эмнеге айтпай жатасыңар.
0
chake
2019-10-19 21:19:20
жан сакчы өз коллегаларын сатып крыса болду
-1
altyn-kumush
2019-10-20 10:32:01
Атамбаевдин жан сакчысын коргоп чыккандар бир нерсени билсин. Алар мамлекеттин жана элдин ошондой эле милициянын кызыкчылыгын саткан адамды коргоп жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан