Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова "президент Сооронбай Жээнбековго жасаган кайрылуума эч кандай жооп болгон жок" дейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-октябрда Бишкектеги Горький сейил багында Канат Сагымбаевди колдоо үчүн уюштурулган тынчтык митинги учурунда билдирди.
"Сооронбай Жээнбековго жасаган кайрылуума, суранычыма эч кандай жооп болгон жок. 4 баламдын убалы кимге болот? "Эмне болдуң, балдарың бар эле, эмне болуп атат?" деп курулай сөз менен болсо да эч ким сурап койгон жок. Дагы деле үмүтүмдү үзбөй акыйкаттык бар деп кайрылып келем. Жолдошума коюлган айыптар негизсиз, ал өз милдетин аткарды. Акыйкат чечимди чыгарып берсе деп баарыбыз чогулуп отурабыз", - деди ал.