super.kg logo
«Жылдын супер ырчы айымы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


"Борбордогу мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу уланууда" дейт жарандык активист

 

Билим берүү министри Каныбек Исаковдун мектептерде жана бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салган буйругу иштебей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Чынара Апиева айтты. Анда министрдин буйругу ушул жылдын 1-октябрында чыккан, ага карабай айрым мектеп директорлору ата-энелерден мурдагыдай эле акча топтоп жатат деген оюн билдирди.

"Биз буга чейин нааразычылык акцияларына көп чыкканбыз. Массалык маалымат каражаттары аркылуу дагы мүдөөбүздү айтып келгенбиз. Акыры аракетибизден майнап чыгып, акча чогултууга каршы буйрук чыккан. Бирок бүгүнкү күндө бул буйрук аткарылбай жатат. Буга далил катары ата-энелер түзгөн атайын топтордон келип жаткан маалыматтарды айта алабыз. Алгач борбордогу мектептерди айтсак, алар:

  1. №54 мектепте мурун фондго 3000 сомдон чогултушкан ал эми октябрь айынан баштап 1000 сомдон чогултушууда;
  2. №31 мектеп-гимназиясында кошумча сабактарга айына 334 сом, взнос - 376 сом, кароолго - 350 сом. Директору Өмүрзакова Татьяна Өмүрзаковна;
  3. №41 мектеп айына 400 сомдон чогултат. Директор Кравцова Виктория Львовна балдарга кат жаздырып, акча төлөөгө мажбурлап жатат;
  4. №38 мектеп-гимназиясы 10-октябрдагы жыйналышта жылына 5000 сом төлөбөсөңөр, мектеп урап калат деген;
  5. №64 мектептин директору Белегенова Ч. Дж. мыйзамсыз акча топтоолорду жүргүзүп жатат;
  6. №96 1500-1700 сомдон 10 айга ар бир баладан талап кылууда. Директору Асанова Гүланда Жумакадыровна;
  7. №72 мектеп-гимназиясы ар бир баладан 4800 сомдон чогултууда.

"Бул маалыматтардын баарын биз документалдуу түрдө тастыктап бере алабыз. Албетте, өлкө ичиндеги мектептердин абалын жакшы түшүнөбүз. Бюджеттен бөлүнгөн акча жетишсиз, балдарыбыз сапаттуу билим алсын, шарты жакшы мектепте окусун деп буга чейин сураган акчаларын унчукпай берип келгенбиз. Бирок акыркы жылдары ыктыярдуу аталган мектеп төлөмдөрү көптөгөн ата-энелерге оорчулук жарата баштады. Ар кайсы мектепте ар кандай көлөмдөгү акчалар чогултула баштаган. Бирок ошого жараша, акчалардын каякка жумшалып жатканы тууралуу көзгө көрүнүктүү отчёт берилген жок. Андан тышкары, кандайдыр бир себептер менен акча бере албаган окуучуларга моралдык жактан басым көрсөтүлүп баштады. Бул мыйзам чегинде каралуучу кылмыш иши", - деди жарандык активист.

Андан тышкары, аймактардан келген маалымат боюнча, Караколдогу мектептер "министрдин буйругу Бишкек, Ош шаарларына гана тиешелүү" дешсе, Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы мектептерде дагы фонд жоюлбай, мурдагыдай акча топтоолор уланууда деген маалымат келип түшкөн.

Жарандык активисттин айтуусуна караганда, "бала бакчаларда дагы абал өзгөргөн эмес, бирок Бишкекте балдарды бала бакчага берүү чоң көйгөй жараткандыктан, алардын ата-энелери маалымат берүүдөн баш тартышты", - деп кошумчалады.

Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсүнүн конституциясында "мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында билим алуу акысыз" деп жазылган.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы пикирин жарыялоого даяр.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.10.2019. 08:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-12-2012
Соӊку аракети:
22-11-2019 17:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин мектепте кошумча сабакка деп айына 360сомдон акча чогултушат,себеби гимназия анан жөнөкөй класс болуп бөлүнөт.гимназия класс деле күнүнө алты сабак ,жөнөкөй класс деле алты сабак окуйт
21.10.2019. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-12-2012
Соӊку аракети:
22-11-2019 17:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Naku1982,тактап айтканда гимназия класс айына 360сом+140сом толойбүз,жөнөкөй класстар айына 140сом төлөйбүз.
21.10.2019. 15:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
02-02-2016
Соӊку аракети:
22-11-2019 15:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бишкекте 32-мектептте мурдагыдай эле класстын копилкасы техничкага охранага деп ар бир окуучудан 850сомдон топтоп жатат
Буйрук чыккандан кийин иштеш керек кагазда калып калбай
21.10.2019. 23:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
14-02-2015
Соӊку аракети:
28-10-2019 19:36
Жынысы:
Белгисиз
0
✔31-гимназия 4050 сомдон сурап жатат күндө
22.10.2019. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
07-08-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 09:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура №64-гимназияда дагы попечительский советтин артына жамынып алып директор озу баш болуп акча чогултууну улантууда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134025;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: