Индиянын Карнатака штатына караштуу Хавери шаарындагы колледждердин биринде 1-курстун студенттерине сынакты башына кагаз кутуча кийип тапшырууга мажбурлашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Химия сабагынан болгон жазуу сынагын студенттер баштарына кагаз кутуча кийип тапшырып жаткан учурда тартылып алынган сүрөт интернетке тарап, талкуу жараткан. Окуу жайдын жетекчилерине кескин сын айтылып, бул жорукту адам укуктарын бузгандык катары кабыл алышып, адамгерчиликсиз идея деп аташкан. Колледждин жетекчилигине расмий түрдө эскертүү да берилген.
Ал эми аталган окуу жайдын жетекчилиги бул окуя эксперимент болгондугун айтышып, кечирим сурашкан. Алардын айтымында, кутучаны студенттердин башына кийгизүү аларды мазактоо катарында эмес, бири-биринен көчүрүүгө жол бербөө максатында болгон. Бул ишке баруудан мурун студенттердин макулдугун алышкандыгын кошумчалаган.