super.kg logo
«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Бишкектеги мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу улануудабы? Мектеп директорлорунун жообу

 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун мектептерде жана бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салган буйругу иштебей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Чынара Апиева билдирди. Анда министрдин буйругу ушул жылдын 1-октябрында чыккан, ага карабай айрым мектеп директорлору ата-энелерден мурдагыдай эле акча топтоп жатат деген оюн билдирген. "Бүгүнкү күндө бул буйрук аткарылбай жатат. Буга далил катары ата-энелер түзгөн атайын топтордон келип жаткан маалыматтарды айта алабыз", - дейт активист.

Ошондой эле Чынара Апиева мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынганына карабай, ата-энелерден каражат топтоону улантып жаткан мектептердин тизмесин берген. Бул тизмеге борбордогу айрым мектептер жана Каракол шаары менен Исфана шаарындагы А.Навои атындагы мектеп кирген. Каракол шаарындагы мектептердин биринде "министрдин буйругу Бишкек, Ош шаарларына гана тиешелүү" экенин айткан маалымат жарыяланган.

Маалыматты тактоо максатында, Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда төмөндөгүдөй жооп беришти. "Министрликке мындай маалымат түшө элек. Шаардын мектептериндеги мыйзам бузуулар тууралуу маалыматты Бишкек мэриясы көзөмөлдөп, чара колдонот. Себеби шаардык мектептер муниципалитетке карайт. Ал эми Караколдогу мектеп боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Билим берүү жана илим министринин буйругу өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү уюмдарына тиешелүү", - деп жооп берди маалымат кызматынан.

SUPER.KG порталы тизмеде көрсөтүлгөн мектептерге дагы байланышты. Бишкектеги №54 орто мектептин директору Ирина Борисова: "Биздин мектепте фонддор жоюлган. Бирок ата-энелердин өзүнүн көзөмөлүндөгү фонд калды. Себеби алар мектеп ыктыярдуу төгүмдөрсүз нормалдуу иштей албасын билишет. Муниципалдык мектептерге бөлүнгөн акча каражаты бардык керектөөлөрдү жапканга жетпейт. Андыктан ата-энелер ыктыярдуу фонд түзүп, ага кол коюшкан. Биздин мектепте акча бере албай калган окуучуларга басым көрсөтүлбөйт", - деди.

Ошондой эле борбордогу №31 мектеп-гимназиясынын администрациясы: "Министрдин буйругу менен бардык мугалимдер таанышкан. Алар окуучулардан мыйзамсыз акча каражат чогултушпайт. Бир гана кошумча сабактарга акча топтолуп, анын эсебинен мугалимдерге айлык-акы төлөнөт", - деп билдирди.

Ал эми №41 орто мектептин окуу-тарбия иштери боюнча бөлүм башчысы Александр Тимофеев төмөндөгүлөргө токтолду. "Биздин мектептин алкагында коомдук бирикме түзүлгөн. Анда ата-энелер өздөрү акча топтошуп, каражатты жумшоо иштерин өздөрү көзөмөлдөйт. Мектеп администрациясы бул иш аракеттерге киришпейт. Айына чогултуучу 400 сомдун ичинен коопсуздук кызматкерлерине төлөнүп, калганы мектепти өнүктүрүү иштерине жумшалат. Мектептеги каражаттар боюнча отчёттор, биздин сайтта байма-бай чыгып турат. Ошондой эле мектепте калктын аялуу катмарына кирген окуучуларга гана эмес, алардын ата-энелерине, ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөргө дагы 100 пайыздык жеңилдетүү берилгенин кошумчалай кетели", - деди бөлүм башчы.

Мындан тышкары, №38 мектеп-гимназиясы бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартса, №64, №96, №72 мектептерде "директор ордунда жок, келгенде жооп берет" деген жооп алдык.

SUPER.KG порталы аталган мектеп директорлорунун жообун угууга даяр.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.10.2019. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
22-11-2019 13:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек, Каракол
0
√135 бала бакча илгертеден бери эле чогултуп келе жатат, тигренек деп коёт, каякка кеткенин эч ким жооп бере албайт
21.10.2019. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
262
Катталган:
14-02-2015
Соӊку аракети:
28-10-2019 19:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мектеп 31-гимназия 5-класстарга 4000 сом деп кундо сурап жатат ошол ар бир мектеп директоруна катуу айтып аткарбагандарга чара корсун
22.10.2019. 01:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
22-11-2019 05:10
Жынысы:
Белгисиз
0
96чы мектепти тактап сурап койгулачы кааласанар балдарынарды башка мектепке окуткула дегени жакпайт да
25.10.2019. 08:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
263
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
17лицей деле жакшынакай чогултуп жатат 450с дон, жылына 5400с
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134066;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: