super.kg logo
«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Депутаттар тармактык эмес жогорку окуу жайларында медициналык факультеттерди ачууга каршы пикирлерин билдиришти

 

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Анда депутаттар тармактык эмес жогорку окуу жайларында медициналык факультеттерди ачууга каршы пикирлерин билдиришти. “Эгер айрым Айыл чарба академиясы сындуу жогорку окуу жайлары медициналык адистерди даярдагысы келсе, аларга лицения берилеби же берилбейби?”, - деп сурады депутат Эмил Токтошев.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эгерде клиникалык базасы талапка жооп берсе, анда аларга лицензия берүүдөн баштартууга эч негиз жок. “Лицензия Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилет” деди ал.

Депутаттар лицензияны Саламаттык сактоо министрлиги бериши керектигин айтышты. Ал эми депутат Мурадыл Мадеминов Медициналык академияны өнүктүрүүгө бардык көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. “Медициналык факультеттерди көрүнгөн жогорку окуу жайларында ача берип, адистердин деңгээлин түшүрүп жибердик. Мыйзамга өзгөртүү киргизип, адистерди бир жерде даярдашыбыз керек”, - деп кошумчалады Мадеминов.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134025;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: