Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү башка да кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн деген жагдайда адамдын денесине залал келтирип, кол телефонун тартып алганга шектүүнүн сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдап, учурда уурулукка шектелген адам табыла электигин белгилеген.
Милиция анын аты-жөнүн аныктоо үчүн көргөн билгендерден, тааныгандардан жардам сурайт. Буга чейин Ысык-Ата РИИБине 41 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ал ушул жылдын 4-июль күнү саат 01:00 чамасында денесине залал келтирип, кол телефонун тартып алган адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
"Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Тоноо" беренеси менен катталды. Тергөө иликтөө иштеринин алкагында белгилүү болгондой, уурдалган телефонду шектүү алып-сатарга Бишкектеги соода борборлордун биринен саткан. Кимдир бирөө сүрөттөгү адам тууралуу маалыматтарды билсе 0(709) 14-43-12, 0(701) 01-76-40, 0(702)33-01-93 же 102 номерине байланышка чыгуусун өтүнөбүз. Анонимдүүлүк сакталат", - деп жазылат маалыматта.