Образдан чыкпай калганда... Тасмада түгөйлөрдүн ролун жаратып, жашоодо дагы табышып үй-бүлө курган жылдыздар

Тасмада түгөйлөрдүн ролун жаратып, ошол образдан чыкпай, жашоодо дагы түгөй болуп калган белгилүүлөр жок эмес. Ал тургай пайдубалы бекем, очор-бачар үй-бүлө болгондору да бар. Тасмаларда кыз-жигиттин, жубайы менен жолдошунун ролун жараткан белгилүүлөрдүн кимиси үй-бүлө курганын тизмектеп көрөлү.

Уоррен Битти жана Аннетт Бенинг

Америкалык актёр, режиссёр жана продюсер Уоррен Битти "Багси" драмасындагы өнөктөшү Аннет Бенинг менен кездешкен. Тасма 1990-жылы тартылып баштаган. Тартуу иштери аяктагандан кийин Уоррен Битти актрисага баш кошуу сунушун жасаган. 27 жылдан бери түтүн булатып келе жаткан кино жылдыздардын 2 кызы, 2 уулу бар.

Кэш Уоррен жана Жессика Альба

Америкалык актёр, продюсер Кэш Уоррен менен актриса Жессика Альба 2004-жылы "Фантастикалык төрттүк" тасмасына тартылып жатканда табышкан. Актриса тасмада башкы каармандын образында болсо, Кэш Уоррен режиссёрдун асисстенти болгон. Алардын ортосунда сүйүүнүн оту тутанып, кыз-жигит бир нече жылдан кийин баш кошушкан.10 жылдан ашуун убакыттан бери түтүн булатып келе жаткан түгөйлөр 3 баланы тарбиялап келишет.

Дэкс Шепард жана Кристен Белл

Америкалык актёр Дэкс Шепард 2012-жылы "Тосуп ал жана кач!" деген комедияга актриса Кристен Белл менен чогуу тартылып, сүйүшкөндөрдүн ролун жаратышкан. 1 жылдан кийин алар никесин кыйдырган. Кызыгы, Кристен Белл социалдык тармактагы баракчасына "Дэкс мени аласыңбы?" деп жазган. Актёр макул экенин билдирген. Түгөйлөр 6 жылдан бери чогуу жашап келет, ортосунда 2 баласы бар. Дэкс Уоррен менен Кристен Белл баш кошкондон кийин "Калифорниялык патрулдук кызматкер" тасмасына тартылууга жетишкен.

Рами Малек жана Люси Бойнтон

"Богемская рапсодия" тасмасы америкалык актёр Рами Малек менен англиялык актриса Люси Бойнтонду табыштырган. Түгөйлөр тасманы тартуу иштери жүрүп жатканда мамиле курушкан. Жакында эле актёр сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун жасап, никесин кыйдырган. Чет элдик басылмалар түгөйлөрдүн үлпөт тою Улуу Британияда болорун жазып чыгышты.

Лев Шрайбер жана Наоми Уоттс

Америкалык актёр, сценарист, "Люди Икс: Начало. Росомаха" тасмасы аркылуу белгилүү болгон Лев Шрайбер британиялык актриса жана продюсер Наоми Уоттс менен тасма талаасынан табышкан. Белгилүүлөр "Разрисованная вуаль" тасмасында кыска мөөнөттө мамиле курган түйгөйлөрдүн ролун жараткан. А бирок жашоодо 11 жыл чогуу жашап, эки балалуу болушкан. 2016-жылы эки башка жолго түшсө дагы бири-бирине болгон сый мамилесин сактап калышкан.

Хью Дэнси жана Клэр Дэйнс

"Ганнибал", "Родина" тасмалары аркылуу белгилүү болгон англиялык актёр Хью Дэнси жубайы менен тасма талаасынан табышкан. Тагыраагы, актриса Клэр Дэйнс менен Хью Дэнси 2007-жылы "Вечер" тасмасына тартылууда мамиле курушкан. Көп өтпөй эле кыз-жигиттин мамилеси үй-бүлө курууга жетип, үлпөт той Францияда болгон. Учурда түгөйлөр Нью-Йоркто жашайт, 2 баланын ата-энеси.

Жаред Падалеки жана Женевьев Падалеки

Түгөйлөр 2010-жылы "Сверхъестественное" сериалына чогуу тартылган. Тасма тартуу иштерине 2 ай болгондо актёр актрисага үй-бүлө куруу сунушун жасаган. Түгөйлөр бир балалуу болгондон кийин Женевьев карьерасын токтоткон. Учурда түгөйлөр 3 баланы тарбиялап келишет.

Винсент Картайзер жана Алексис Бледел

Винсент Картайзер менен Алексис Бледел "Безумцы" телесериалы аркылуу табышкан. Алгач алар тасмада роль жаратса, кийинчерээк образ чындыкка айланган. Түйгөйлөр мамилесин коомчулуктан жашырган. 2014-жылы үлпөт той өткөргөн. 1 жылдан кийин уулду болушкан.

Марк Дупласс жана Кэтрин Аселтон

Марк Дюпласс менен Кэтрин Аселтон бири-бирин алгачкы жолу "Лига" сериалын тартуу учурунда көргөн. Тасмада алар достордун ролун жараткан. Бирок жашоодо алар 13 жылдан бери түтүн булатып келе жатышат. 2 баланын ата-энеси.

Халит Эргенч жана Бергүзар Корель

Түрк актёру Халит Эргенч менен актриса Бергүзар Корелдин сүйүү баяны дагы тасма талаасынан башталган. 2006-жылы алар "1001 түн" сериалына чогуу тартылат. Өнөктөштөрдүн ортосунда сүйүү жанып, баш кошушкан. Жубайлардын ортосунда бир уулу бар. Учурда алар экинчи перзентин күтүп жатышат.

Бурак Өзчивит жана Фахрие Эвжен

Түркиялык белгилүү актёр Бурак Өзчивит Фахрие Эвжен менен "Боз торгой" тасмасын тартуу учурунда таанышкан. Тасмада алар Кэмран менен Фериденин сүйүүсүн кызыктуу ойноп, ачып берген. Андан кийин "Сүйүү сага окшош" тасмасында арзышкандардын ролун жараткан. Тасма талаасы табыштырган түгөйлөр үй-бүлө куруп, бир баланы тарбиялап келишет.

Кыргыз шоу-бизнеси дагы бул тизмекти толуктайт. Алардын катарында актёр Атай Өмүрбеков менен Марал Койчукараева дагы бар.

“Ээнсиреген үй” тасмасында кыз-жигиттин ролун жараткан Марал Койчукараева менен Атай Өмүрбеков 2014-жылы баш кошушкан. Түгөйлөр 1 балалуу болгондон кийин эки башка жолго түшүшкөн.

Ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова

Таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованы чыгармачылык табыштырган. Ырчылар "Салам Бишкек-2" тасмасында башкы каармандын ролун жаратпаганы менен наристе күтүп жаткан үй-бүлөлүү адамдардын ролун жараткан. Түгөйлөр 2018-жылы баш кошуп, 2019-жылдын март айында Дария аттуу кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jasi.jasi
2019-10-29 21:53:37
Эн биринчи суроттогу жубайларга алкыш.омур бою бирге омур супушконуно
+3
kechirmeni
2019-10-30 11:50:31
Түйгөйлөр,уулду- туура жазгылачы шашпай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан