super.kg logo
«Жылдын супер актёру»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


"Жебе" тобунун мурдагы ырчысы Минур Алтынбеков уулуна жентек той берди

 

"Жебе" тобунун мурдагы ырчысы Минур Алтынбеков менен жубайы Жазгүл уулу Алиханга жентек той берип жатат. Той бүгүн, 28-октябрда борбордогу тойканалардын биринде өтүүдө.

Анда актриса Альбина Имашова алас менен тойдун ачылышын жасады. Андан соң кыргыздын салтын даңазалап, наристени бешикке бөлөө ырымы орун алды. Таенеси даярдап келген бешикке бөбөктү бөлөп, чачыла чачылды.

"Жубайым экөөбүздүн биринчи жакшылыгыбыз болуп жатат. Кубанып жатабыз, бир аз толкунданып дагы жатабыз. Тойго жакын туугандарыбыз, жоро-жолдошторубуз болуп, жалпысынан 150дөн ашуун конок келди. Уулубуздун күндөн-күнгө кылыктары чыгып жатат", - дейт той ээси.

Ал эми ырчынын жубайы Жазгүл айым баласы торолуп калганын, эне-баланын ден соолуктары жакшы экенин кошумчалады.

Тойго ырчылардан Гүлнара Кахарова, Аваз Акимов, Айдана Дека, Данияр Эрматов, Аида Кулуева мындан тышкары, эки жаштын өкүл ата, өкүл апасы Кенже Дүйшеева жолдошу менен келишти.

Минур Алтынбеков сүйүктүүсү Жазгүл менен 2018-жылдын сентябрь айында үй-бүлө курган. Түгөйлөр 2019-жылы 21-июлда уулдуу болушкан.



Арсен, Курал Чокоев, Нурлан Насип... Быйыл бала жытына балкыган аталар

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев, Тилек Жуматаев

Кенже Дүйшееванын небереси бешикке бөлөндү. Тойдон репортаж

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Айбек Алимов
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.10.2019. 23:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
05-11-2016
Соӊку аракети:
16-11-2019 22:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Жентек той кут болсун. Мен эле уулду болдум калганы баары кыздуу болду деп катту суйлобо. Турганына суйун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133844;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: