Боом капчыгайында маршруттук такси аскерлерди ташыган КамАЗды сүзүп алды. Жол кырсыгынан офицер жаракат алды

Бүгүн, 29-октябрда Боом капчыгайында маршруттук такси аскерлерди ташыган КамАЗды сүзүп алган. Бул тууралуу Генералдык штабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аскердик унаа капчыгайда таштарды түшүрүү иштери жүрүп жатканда токтогон. Ал Бишкекти көздөй бара жаткан.

"КамАЗда аскердик кызматка жаңы чакырылгандар аскердик автоинспекциянын коштоосунда Бишкекке бара жатышкан. Аны ушул эле багытта кетип бара жаткан маршруттук такси сүзгөн. Жол кырсыгынан бир офицер жаракат алып, Кеминдин ооруканасына жеткирилген. Жол кырсыгынын себеби маршруттук таксинин тормозу иштебей калгандыгы болгон. Окуя боюнча Аскердик прокуратурага маалымат берилип, жеринде Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барып жатышат", - деп билдирди Генералдык штаб.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан