Илмияновдун үй-бүлөсүнө тиешелүү кайсы мүлктөрү конфискацияланат? (тизме)

Тектеш кабарлар: Икрамжан Илмияновго кылмыш иши козголду (37 материал)

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн, 30-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновго карата чечим угузду. Сот өз чечиминде Илмияновду күнөөлүү деп таап, анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөр конфискацияга алынарын жана ага 160 миң сом өлчөмүндөгү айып салына тургандыгын билдирди. Буга чейин, 23-октябрда болгон соттук отурумда прокурор Илмияновдун күнөөсү далилденгенин айтып, соттон аны 7 жарым жылга эркинен ажыратууну сураган. Муну менен кошо 100 эсептик көрсөткүчтө айып пул салууну өтүнгөн.

Бул сунуштар сот тарабынан канааттандырылып, судья сот залында Илмияновдун үй-бүлөсүнө тиешелүү конфискациялана турган мүлктөрдү окуп берди.

Алар:

1956-жылы туулган Сатар Илмиянов - Икрамжан Илмияновдун атасынын атына жазылган:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан турак үй;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан жер тилкеси;
  • Лейлек районундагы ошол эле айылда жайгашкан сугат жер;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан кайрак айдоо үлүшү;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан жер тилкеси.

1956-жылы туулган Урулкан Илмиянова - Икрамжан Илмияновдун апасынын атына жазылган:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр.

1986-жылы туулган Искендер Илмияновго таандык:

  • Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан турак үй.

1977-жылы туулган Айсулуу Илмияновага таандык.

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү.

1981-жылы туулган Раимжан Илмияновго таандык:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы айыл чарба тармагына багытталган жер тилкеси.

Икрамжан Илмияновдун камакка алынган мүлктөрү:

  • Бишкектин четиндеги Ак-Өргө конушундагы жер аянты;
  • Бишкектин Артезиан көчөсүндөгү үй;
  • Бишкек шаарындагы Баба-Ата көчөсүндөгү "Аброр" чайханасы;
  • 2007-жылы чыккан Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунаасы;
  • Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Шопоков көчөсүндөгү жер тилке;
  • Чүй облусундагы картон заводу.

1983-жылы туулган Айбарчын Илмияновага жазылган:

  • Сокулук районундагы ири көлөмдөгү үч сугат айдоо аянты.

1988-жылы туулган Зулкайнар Илмияновго таандык:

  • Сокулуктагы сугат жери;
  • Ак-Өргө конушундагы жер тилкеси.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Gsuita
2019-10-30 17:35:41
Жогорку кызматтарда иштеген туугандарым жок экенине сүйүнүп калдым....
+6
Nevestkaa
2019-10-30 17:56:57
Таптакыр эле жылаңач калтырыптыр го биздин адилеттүү сотторду тааныбайм турубуз го.Ата энесинде эмне күнөө алардын үй жерин алып эмне кыласыңар ?
+8
JYRT
2019-10-30 18:21:09
Курулуш компаниясы "ИХЛАС" да бар эле анысы эмне болду 7-канал толтураго тизмектеп санасан
+2
Nevestkaa
2019-10-31 00:20:34
JYRT,7-канал Ташиевдики го.
0
urmat94
2019-10-31 01:00:19
JYRT,Ихласты Матраимовдордуку деп журотго Илмияновдуку беле?
+1
Arlenchik
2019-10-30 19:17:18
Азыркы бийлик созжок, жогоруда биро жазыптыр корунуктуу бизнестерин, ал бизнестерин азыркы учурда ити чоп жеп кыйын болуп аткан бироо алып койгон имиш, ошон учун аларын ачыктабай басымдуу болугун айылдагы жонокой нерселерин ачыктап аларды конфискациялап, калган корунуктуу бизнестерин комускодо оздоруно откоруп алса керек.
+9
News
2019-10-30 22:37:23
Икрам Илмиянов ак үйдө отурган убакта, Кадамжай районунан баштап Баткен, Лейлек районуна чейин жолду күзгүдөй соонун кылып курдуруп койгону үчүн түрмөдө отурат.
Мен 2 жыл мурда Исфана шаарына жумуштарым менен барып калып, бул укмуштуудай жолдорго таң калдым, эгерде аны Икрам таксыр бүтүртпөгөндө Баткенди өгөй баласындай караган бийлик эч нерсе жасабайт болчу.

Анан жогоруда кыйратып деле мүлктөрү жок экенго, аларына тийишпей эле койсо болмок.
+4
Alia82
2019-10-30 22:39:04
Бирок ушул азвр корупционерлер мн курошуп , бийликте жургондор ак эмгек , пешене тери мн байыгандар деп айталасынарбы...
Кээбир корупционер эмес аппак болуп жургондордун байлыгына салыштырса илмиянов алардын жанында кедей эле адам болуп калса керек...
+6
News
2019-10-30 22:41:00
Анан кадамжайдан Ош шаарына көздөй келе жатканда, Кызыл-кыя шаарынан Ноокат шаарына чейинки жолдун абалын көргөндөр жана ошол жерде жашагандар билет, мышык ыйлайт, дааже эшек арабаны шалдыратып коёт ал жол. Бирок Ноокат районунан ЖК да 3,4 депутат отурат, бирөөсүда ошол 60-70 км жолду бүтүрө алышпай жүрүшөт келжиреп.
Ал эми Илмиянов 300-400 км жолду бир өзү өтө соонун кылып бүтүртүп салган. Баткен эли Илмияновду колдошу керек, жеседа бирок мыкты иш жасады.
+3
Nestana95
2019-10-30 22:57:43
Алып эле атасынар,,,,мамлекетке барабы булар,,же тойбос курсактаргабы?)!Карыздын учун коргондо эле журок зырылдайт,,жерибизди чачыратып бутмой болдунар го жепутаттар!!!
+5
Munarbek98
2019-10-31 01:05:24
Ошо токтом окуган соттун озун текшерсенер ылайы чыгат анын да. Кыргызстан качан онолот экен а? Келечек муунга онуккон мамлекеттин ордуна корупцияга малынган, карызы коп мамлекет калтырабызбы.
+1
erlan92
2019-10-31 03:22:54
Калп эле элге коргозмо кылып жатышат,кайдагы бир жер тилке кепе уйлорун корсотуп,чет олкодогу банктагы счётторчу?миллиондорчу$$$?
0
erlan92
2019-10-31 03:25:25
Кыздары Америкада окушат кайсы акчага окутуп журду экен?
0
raykray
2019-10-31 11:48:24
Кызык жонокой элдеда барго сугат жер, улуш деп мындада жон Гана жер тилкелери, эски машина. Канчасы турмого тушту эчкимди мамалекетке кайтарылбадыго? Мейли мамлекет алыптыр Эми Ошо гос бюджетте турабы же дагы башка алкымы чон четинен чоюп соруп коебу???
0
Jasi.jasi
2019-10-31 14:12:14
Бектер кетип,эл калат деген ушу да.
0
arimaz89
2019-10-31 15:20:18
Жегичтердин дүнүйөлөрүн эле мамлекетке өткөрүп, өздөрүн жылаңач коё бериш керек. Буларды камаса деле казынага зыян. Мындан канча жыл мурун айтылып жүргөн, солдаттардын бир күндүк тамагына 39 сомдон, зектердин бир күндүк тамагына 700дөн акча бөлүнөт деп.
0
Ananaska
2019-10-31 22:25:28
Ой, Илмиянов олбойт. Канча мулку комускодо калып атат. Тагыраак изилдебейсинерби, же "доля"да "Илиталар" турабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан