"Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди белгисиз адамдар сабап кетишкен. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя 31-октябрга караган түнү Туңгуч кичи районундагы машыгуу залынын жанында болгон. Анда эки бет капчан белгисиз адам катуу нерсе менен сабашкан. Ал көп соккудан коргонууга үлгүргөн. Ашырбаев ооруканага көрүнүп, бүгүн 1-ноябрда жумушка чыкты. Бул окуя боюнча Октябрь РИИБи иш алып барууда", - деп билдирди аталган кызматтан.