Beeline Бишкек-паркта жаңы сатуу жана тейлөө кеңсесин ачты

Абоненттердин мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңсесине келип, кыйчылдаган үстөлдө отуруп кезек күтүп же жоопту күтүү үчүн кезек күткөн мезгилдер эбак өткөн. Эми уюлдук операторлор кардарга болгон мамиле сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да камтылышы керек.

Ар бир абонент үчүн уюлдук оператор сатуу жана тейлөө кеңсесинен башталат. Beeline өзүнүн миссиясына ылайык, ар бир кыргызстандыктын жашоосун жакшыртуу менен ар бир кеңсени уникалдуу дизайн жана ыңгайлуу кылууга аракет жасайт. Бул жолу компания жаңы кеңсени Бишкек-парк соода борборунан ачты. Башка кеңселердегидей болуп эле, мында:

Ар түрдүү админстративдик суроолор боюнча сервистик борбор:

- тарифти кошуу;

- номурду калыбына келтирүү;

- номур тандоо;

- кайра жасатуу;

- өзүңдүн номурун же башка номурду блокко түшүрүү/блоктон чыгаруу.

Ошондой эле смартфон жана аксессуарлар дүкөнү бар.

- Биз менен кардарлардын ортосунда эч кандай тоскоол жок, биз ачык болгонго аракет кылабыз. Ошондуктан эң ылайыктуу болгон ресепшнди колдонобуз – кардарлар менен көзмө көз баарлашуу – дейт Beeline компаниясынын Кыргызстан боюнча сатууну өнүктүрүү менеджери Зумрат Ибрагимова.

- Мындан тышкары, биздин кеңсе эч нерсе менен тосулган эмес. Ар бир периметрге кардарлар үчүн пуфтар коюлуп, бул алардын маселесин чечүү боюнча кезек күткөнү ыңгайлуу болушу үчүн жасалган. Кээ бир кеңселерибизде балдар үчүн зона коюлган алсак, кичинекей кардарларыбыз үчүн кезек күтүү оңой болуусу үчүн. Жалпылап айтканда, биз сатуу кеңселерине бизнес сыяктуу мамиле жасабайбыз, бул биринчи кезекте адамдар жана алардын ыңгайы үчүн жасалат.

Эске салсак, Beeline компаниясынын ушундай сатуу жана тейлөө кеңселери ГУМда, Ордо бизнес-борборунда, ЦУМ-2де бар жана жакын арада Asia Mall соода борборунда ачылат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан