Денесине татуировка тарттырган жылдыздар

Денеге татуировка жасатуу тууралуу сиз ойлонуп көрдүңүз беле? Бир жагынан кооз болгону менен көпчүлүк тарттыруудан чочулайт. Бул ирет дене-мүчөсүнө татуировка тарттырган белгилүүлөр тууралуу жаздык.

Саниа, ырчы

- 2015-жылы сол колума жакын дос баламдын сунушу менен татуировка тарттыргам. Колума өзүмдүн сүрөтүм, эки канат, жол жана музыкалык ачкыч түшүрүлгөн. Бул өзүмө-өзүм канатмын, күчмүн, бардык нерсе өзүмдөн көз каранды дегенди түшүндүрөт. Ачкыч- музыкага жан дүйнөм жакындыгын айтып турат. Ал эми роза болсо, розанын кооз гүлүнөн тышкары тикендери да бар дегенди билдирет. Татуировкамды көрүп суктангандар да, "зэктердей болуп эмне жасатып алгансың? Бул чоң күнөө, татуировкаң үчүн кийин жооп бересиң", - деп сындагандар да болду. Албетте, бул нерсе күнөө экенин билем. Адамдар баарыбыз эле күнөөкөрбүз да. Ал үчүн өзүм жооп берем. Буюрса, татуировкамды дагы көркөмдөп, улантайын деп жатам.

Баяман Өмүрбек уулу, "Тумар КР" тобунун бийчиси

- Мен 2017-жылы Европада жашаганыма бир жыл болуп калганда моюнума 5 жылдызча тарттыргам. Анын өзгөчө мааниси деле жок. Кийинчерээк колума "be kind" деген жазууну тарттырдым. Ал "жакшы адам бол" дегенди түшүндүрөт.

Жамиля Асангулова, модель

- Испанияда окуп жүрүп, Кыргызстанга кайтарда эстелик катары 2015-жылы испанча сөздөрдү денеме жаздыргам. "No llores porque se terminó Sonríe porque se sucedió" деген жазуу испанчадан которгондо "Бүткөнүнө кайгырбай, болгонуна сүйүн» деген маанини берет. Татуировканы жасаткандан кийин бир жолу да өкүнгөн жокмун. Өзүмө аябай жагат.

Мындан тышкары, ырчы Малика Дина, белгилүү блогер Эльдана Сатыбалдиева, бьюти блогер Айжана Асемованын да денесине татуировка тартылганын көрсө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bond02
2019-11-04 13:05:52
Айдаганы 5 эчки ышкырыгы таш жарат деген ушулар да.
+21
Jango
2019-11-04 14:45:38
Тиги очкарик эркекби или аялбы?
+15
Nevestkaa
2019-11-04 16:17:55
Jango,аралаш ((((Кыргызга белгилүү инсандын кызы .
0
tular
2019-11-05 01:17:27
Nevestkaa, штангиське окшоп калыптыр
0
Nevestkaa
2019-11-04 16:18:54
А дейбиз б дейбиз азыр ар экинчи кыздын кашы татуаж .Бул деле татуировка да.
+7
Saiit
2019-11-04 16:38:08
Шайтандын жоруктары чындыгында баары шайтанго!!
+5
Kairat1996
2019-11-04 17:23:08
Жамилия Амангулова озунчо эле красавица экен го.
0
Aishiteru
2019-11-04 20:21:03
Бир эже татуажга барып келип,"өллө оорулуу экен,эмнеге келдим деп өкүнүп кеттим"деген эле
+2
Kalemkash
2019-11-04 23:06:05
Дененер силердин аманатынар. Кандай алсанар ошондой беришинер керек. Ошол жерлеринерге чок басылат.
+6
Arman7
2019-11-05 02:24:48
Оа озун жооп бироо жооп бербейт сен учун,соз жооп бере аласынбы ошондо болуп жатат чачы узун... ...... ......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан