ЖЭБ соту: Мамлекеттик айыптоочулар Артыкбаевди кагазды карабай жооп берүүсүн суранды

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 4-ноябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда.

Анда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сурак берүүдө. Сурак учурунда Артыкбаев: "Мен кызматка киришкен учурда ЖЭБди модернизациялоону TBEA компаниясы жүргүзөрү белгилүү болуп калган. Менин ордума ким келсе дагы бул иш боюнча жыйналыш өткөрмөк. Модернизация боюнча чечим жамааттык негизде кабыл алынган. Протоколго бардыгы кол койгон", - деди Артыкбаев.

Отурум учурунда мамлекеттик айыптоочулар Артыкбаевди жактоочунун суроосуна кагазды карабай жооп берүүсүн суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Absamat-90
2019-11-04 14:33:43
Туура да алдын ала жазып алып айткандын эмне кереги бар, колун менен кылганды моюн менен тартуу деген бар.
+2
altyn-kumush
2019-11-04 15:03:38
Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБ модеринизациялоо боюнча ашанын көп тапшырмасын аткарган. Эми өзү жооп берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан