Коомчулукта шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн бирине жардам керек экендиги жана аны укук коргоо кызматкерлери кармап кеткендиги тууралуу айтылып жаткан. Бул боюнча укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз маалыматты тастыктап, SUPER.KG порталына буларды билдирди.
"Ж.С. аттуу жаран мечиттен чыгып баратканда, укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын жанынан баңгизаты табылган. Бул факты Ленин РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "баңгизат сактоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштери жүргүзүлүп, анын негизинде аталган жарандын баш коргоо чарасы Ленин райондук сотунда каралып, 26-октябрда 2 айга камакка алынган".
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан сот 24-октябрда болгонун ырасташты. Маалыматта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун жардамчысы С.Назаровдун өтүнүчү канааттандырылып, Жазык кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде көрсөтүлгөн кылмышка шектүүнүн кармалганы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган. Ага карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын СИЗО-1 мекемесинде кармоо менен камакка алынган.
Жазык кодексинде 267-берене "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" деп көрсөтүлүп, 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "ири өлчөмдө - IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.