ЖЭБ соту: Осмонбек Артыкбаев: "Менин позицияма туура келбеген нерселер орун алгандыктан кызматтан өз каалоом менен кеткем"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сурак берүүдө. Анда Сапар Исаков Артыкбаевге берген суроолорунда төмөндөгүдөй жагдайларды белгилеп өттү: "Артыкбаев Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына барып, TBEAнын ишмердүүлүгү менен таанышып келген. Энергетика министрлигинен жалгыз барган. Калган делегаттар башка ведомстволордан барган. TBEA боюнча өлкөнүн энергетиктери менен жыйналыш өткөргөн".

Ошондой эле Исаков Артыкбаевден: "ЖЭБди модернизациялоо, TBEAнын келишимдери боюнча маселеде сизге басым жасоо болду беле?", - деди ал.

Артыкбаев: "Мага эч ким басым жасаган жок. Өлкө башчы дагы менин чечимиме таасир берген эмес. Кызматымды өтөп жатканда менин позицияма туура келбеген нерселер орун алгандыктан, кызматтан өз каалоом менен кеткем", - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан