Бишкектин Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде "Тез жардам" кызматы менен жеңил унаа сүзүшкөн жол кырсыкта өспүрүм менен бир чоң киши жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышат.
"Учурда жабыркаган жарандардын жашы тактала элек. Аларды ошол замат шаардагы ооруканалардын бирине алып кетишкен", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Буга чейин Бишкектин Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде "Тез жардам" кызматынын унаасы менен жеңил унаа сүзүшкөнү маалымдалган.