Бишкекте ЖЭБдин насостук станциясынан кыздын жансыз денеси табылды

Бишкектеги ЖЭБдин насостук станциясынан белгисиз кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 3-ноябрь күнү саат 07:00 чамасында табылган. Денеге алгачкы кароо жүргүзгөндө ага карата күч колдонуу белгилери болгон эмес.

Өзгөчө белгилери: болжол менен бою 165 сантиметр, арыкчырай, бет түзүлүшү тоголок, чачы кара, узун. Жаагынын оң капталында кыйшык өскөн тиши бар. Сол бутуна браслет тагылган.

Кийген кийимдери: "I LOVE MOSCOW" деген жазуусу бар футболка. "SPORTS" деген жазуусу бар кызыл түстөгү шым, бутунда спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Милиция кызматкерлери жансыз дененин аты-жөнүн тактоо иретинде маркумду таанып билгендерден жардам сурайт.

Байланыш телефону: 102-387, 0703 222-622, 0702 498-888, 0772 847-336 жана 102 кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан