14-ноябрда Жогорку Кеңеш бюджет тууралуу мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралат. Буга чейин аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитеттеринде талкууланган. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана өкмөт өкүлдөрү катышат.