super.kg logo
«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Айыл чарба министрлиги: "Жеке ветеринарлар ветеринардык палатанын бирдиктүү реестрине катталып башташты"

 

Быйылкы жылдан баштап жеке ветеринарлар ветеринардык палатанын бирдиктүү реестрине катталып башташты. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ветеринардык палатанын максаты - жеке ветеринарлардын ишин жөнгө салуу.

"Бүгүнкү күндө 873 ветеринар алгачкы каттоодон өттү. Жогорку же атайын-орто ветеринардык билими бар 2000ден ашык адистин каттоодон өтүүсү күтүлүүдө, андан кийин алар жеке ветеринардык практика ишин жүргүзүү укугуна ээ болушат. Бул иш-чаралардын зарылчылыгы жеке ветеринарларга мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө мыйзамга өзгөрүүлөр киргенине байланыштуу болду. Эт азыктарын сертификациялоону жүргүзүүгө, малдын ден соолугун көзөмөлдөө программасын аткарууга, эпизоотиялык жагдайга мониторинг жүргүзүүгө окшогон иштерди аткарышат. Келечекте ветеринарлардын квалификациясына болгон талаптар мындан дагы өсөт", - деп жазылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133895;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: