Казакстандын мурдагы башчысы Нурсултан Назарбаев: "Украинанын президенти Зеленский Казакстанда Путин менен жолугушууга макул болду"

Бүгүн, 12-ноябрда Казакстандын мурдагы өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев орус жана украин лидерлеринин жолугушуусун Казакстанда өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Анда Назарбаев жолугушууга Володимир Зеленскийдин макулдугун алгандыгын белгиледи.

"Мен Украинаны жакшы билем, Орусияны андан да жакшы билем. Андыктан, алардын бир чечимге келишине биринчи күндөн баштап аракет жасап келем. Украина лидери Зеленский менен макулдашып, бул тууралуу Орусиянын өлкө башчысына кабар бердим. Нейтралдуу аянтча керек болсо, Казакстанга келгиле деп сунуштадым", - деген Назарбаев.

Маалым болгондой, Донбасстагы согушту токтотуу Володимир Зеленскийдин шайлоо алдындагы убадаларынын бири болгон. Азырынча жолугушуу тууралуу Киев дагы, Москва дагы үн ката элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан