Тверь облусунда Кыргыз жаранынын күйүп кеткен жансыз денеси табылды. Аны энеси бир айдан бери издеп жүргөн

2019-жылдын октябрь айында Орусия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигине жана Орусия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын ИИМ өкүлчүлүгүнө 44 жаштагы Ж.М. аттуу жаран кабарсыз кеткен баласын издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын Тверь облусунда жашаган 18 жаштагы Ж.Д. аттуу уулу 2019-жылдын октябрь айынан тартып байланышка чыккан эмес. Эненин айтымында, уулу ушул жылдын август айында Орусияга келип, сентябрда Твердеги Иваньков суу сактагычындагы эс алуучу жайга кароолчулук жумушка орношкон. Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, Ж.М.нын уулун издөө боюнча арыз Тверь облустук полициянын аймактык бөлүмүндө катталганы маалым болгон. Иликтөөнүн натыйжасында, Иваньков суу сактагычынан өрт чыгып, ал жактан күйгөн бейтааныш адамдын сөөгү табылган. Жергиликтүү укук коргоочу органдардын ыкчам иликтөө иштеринин жана эне-балага жасалган молекулярдык-генетикалык экспертизанын жыйынтыгында, сөөк арыздануучунун уулу экендиги аныкталган. Учурда изилдөө иштериндеги керектүү документтер туугандарына берилип, "Жүк-200дү" кичи мекенине жеткирүү маселелери чечилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2019-11-12 23:51:22
Ошол кароолчу койгон адам айтпай койгонда кезинде бир ХХХХХ издешпейт деп ХХХХ бизди адам оордунада көрбөй калыштыго ХХХХ
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан