Кыргыз Футбол федерациясынын президенти Канат Маматов: "Японияны жеңгенге бардык аракетти жумшайбыз"

Азия чөлкөмүндө футбол боюнча 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылкы Азия Кубогуна тандап алуу оюндары кызуу жүрүп жаткан маалы. Кыргыз курама командасы бул оюндарда учурда 6 упай топтоп, тайпада 2-орунда келе жатат. “Ак шумкар” 14-19-ноябрь күндөрү эң маанилүү оюндарын өткөрөт – Бишкекке 4 жолку Азия чемпиону Юто Нагатомо, Мая Йосида баштаган Япония жана коңшу Тажикстан келет. Маанилүү оюндар алдында Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канат Маматов “Ак шумкардын” мүмкүнчүлүктөрү тууралуу SUPER.KG порталына маек курду.

- Канат мырза, Кыргыз курама командасы үчүн эң башкы максат Азия чөлкөмүндөгү мыкты 12 команданын катарына кирүү жана Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу болуп саналат. Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга утулганда бул максаттарга канчалык оорчулук жаралды?

- Туура баамдадыңар. Бүгүнкү күндө биринчи жана башкы максат – Азия чөлкөмүнүн мыкты 12 командасынын катарына кирүү. Алгачкы оюнда биз Тажикстанды үйүндө ута алган жокпуз. Эмне үчүн утулуп калгандыгыбыз тууралуу көп себепти ойлоп тапса болот, бирок биздин курамдагы бир катар негизги оюнчулардын жоктугу жана биздин футболчулар көнбөгөн жасалма чөптүү футбол талаасы башкы ролду ойноду. Маанилүү болгон 3 упайды жоготтук. Бирок буга көп сарсанаа боло бербей, калган оюндарды утуу зарыл.

- Ал жеңилүүдөн соң кийинки оюндарда 6 упай алуу маанилүү эле. Мьянма менен мамилебиз анчейин эмес, мурунку тандап алуу оюндарда Бишкекте өтүшү керек болгон оюн Кореяда өткөн. Аларды ири эсеп менен жеңиш футболчуларга гана эмес, Футбол федерациясына да ишеним тартууласа керек?

- Ооба, жеңиш керек болуп турду. Акыркы эки оюн футболчулар үчүн абдан маанилүү болуп, футболчуларыбыз 6 упай ала алышты. Мьянма менен болгон оюн кийинки беттештерге болгон үмүттү жандырды, футболчулар мыкты оюн көргөзүштү. Монголия менен деңиз деңгээлинен 1350 метр бийиктикте кайрадан жасалма чөптүү талаада ойногондугубуз таасир берди. Ошого карабай, башкы машыктыруучу бардык кемчиликтерди эске алып, команданы мыкты даярдай алды.

- Кубаныч тартуулаган Мьянма менен болгон жеңишти бир күйөрман бузуп коё жаздады. Күйөрмандардын талаага чуркап чыккандыгы үчүн кандай айып тагылат?

- Күйөрмандар оюн учурунда маанилүү роль ойношот. Бекеринен аларды 12-оюнчу деп айтпайт да. Алар командага, ар бир оюнчуга дем-күч берет, канат бергендей болот. Күйөрмандардын колдоосу баалуу. Андай көпчүлүктөн өзүн кармана албай калгандар чыгып кетиши албетте, чоң кемчилик. Мындай учурда ФИФА оюндарды күйөрмандарсыз өткөртүп же федерацияга ири айып салышы мүмкүн. Биз азыркы күнгө чейин дисциплинардык комитеттин чечимин күтүп жатабыз жана акчалай айып салынса экен деп тилеп турабыз. Улуттук курама команданын ар бир оюну миңдеген адамдар үчүн майрам, андыктан алардын мындай майрамдан айрылышын каалабайбыз.

- Топ-12 алдыңкы командага кирсек, Бишкекке Азиянын 5 мыкты командасы келет. Бул стадион маселесин кабыргасынан койгонго жардам береби?

- Президент Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу жаңы заманбап стадион салабыз деп айтты. Учурда стадион үчүн жер бөлүп берүү иштери жүрүп жатат. Буюрса, 2020-жылы стадионду куруу иштери башталат. Япония менен болгон оюн дагы бир жолу бизге чоң, заманбап стадион керек экендигин далилдейт.

Биз бардык кошуналарыбыздан артта калдык, алардын ар биринде заманбап стадиондору, футболдук академиялары бар. Факты менен айтып көрсөк, Ташкенттеги жолдоштук беттешке барганда, кесиптештерим кандай стадиону бар экендигин жана футбол үчүн кандай шарттар каралганын көрсөтүштү. Ташкенттин борборунда 35 гектар жерде 35 миңдик күйөрман баткан "Бунедкор" атындагы стадиону бар. Анда футбол талаасынын астында жылытуу системи жана футболчулар, коноктор, күйөрмандар үчүн бардык шарттар тузүлгөн. Буга 250 миллион доллар коротушуптур. Стадиондун жанында 7 талаасы бар футболдук академия, мейманканалар, спорттук зал, бассейн жана заманбап медициналык борбору бар. 35 миң орундуу «Пахтакор» стадионун бузуп, ордуна заманбап стадион курганы жатышат. Ар бир облусунда жаңы стадиондор курулган же курулуп жатат. Футболдук академиялар түзүлгөн жана мунун баарын мамлекет өзү жасап жатат, ошону менен кармалып турат. Аларда шарттарды түзүү жана командаларды, футболчуларын камсыздоо жагынан көйгөй жаралбайт.

- Биздин мамлекет бул жаатты кантип колдоп жатат?

- Мындай колдоо бизде жок. Биз өзүбүз чет жактан инвесторлорду тартып келип, футболдук борбор жана улуттук курам үчүн база курууга 3-4 жылдан бери Бишкек жана Ысык-Көлдөн жер сурап жатабыз. Эми гана бул маселе чечилчү процесске келди, жакында чечилет деген үмүттөбүз. Биздин улуттук курама командаларыбыз үчүн машыгып, оюнга даярдык көрүүчү жерибиз жок. Бизде 15 ар кыл жаштагы улуттук курама командабыз бар. Башкы улуттук команда, жаштар, өспүрүмдөр, жеткинчектер, кыз-келиндер, футзал, кум үстүндөгү футбол боюнча жана башкалар. Шарттар жок жыйынтык да болбойт. Улуттук курама командаларды камсыздоо үчүн көп каражат керектелет, аларды камсыздоо үчүн башка жактарга барып-келгенин, машыгуулары үчүн каражатты кичине болсо да өлкөнүн бюджетине киргизип коюу боюнча президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңешке, Финансы министрлигине жана башкаларга кайрылып жатабыз. Эмнеге дегенде, улуттук курама командаларыбыз Кыргызстандын атынан ойноп, өлкөнүн аброюн коргойт, атын чыгарат.

- Алдыңкы 12 командага кирүү ишке ашып калса, командага кандай сыйлыктар каралган?

- Бул боюнча улуттук курама команда менен жолукканбыз. Сыйлык ар бир спортчуга оң таасир берет. Албетте, топ-12 командага кирип калсак, каражат таап, ар бир оюнчуга сыйлык берүүгө аракет кылабыз. Өкмөт дагы бул жагынан жөн отурбайт деп ойлойм. Сыйлыктын өлчөмү командага айтылган. Ошондой эле быйыл Азия Кубогунда жакшы натыйжа көрсөткөндөр үчүн федерация өз күчү менен 250 миң доллар ар жактан издеп, ички жана сырткы демөөрчүлөрдүн жардамы менен таап оюнчуларды сыйлаганбыз.

- Япония менен бир тайпага түшүп калганыбызды ийгиликсиз болуп калды деп кабыл алсак болобу?

- Мунун оң дагы, терс дагы жактары бар. Япония болбосо, Азиянын башка күчтүү командасы баары бир тайпада болмок. Андыктан, ийгиликтүү, ийгиликсиз болду деп ойлобой, талаага чыгып, алардан кем эмес экенибизди көргөзүшүбүз керек.

- Бишкекте Японияны утууга канчалык мүмкүнчүлүгүбүз бар?

- Япониянын дүйнө чемпиондуктарында, Азия кубогунда ойногон ири тажрыйбасы бар, футболчулары дүйнөнүн күчтүү клубдарында ойношот. Алардын улуттук курамда жана клубдарында ойногон шарттары биздикинен абдан айырмаланып турат. Мунун баары аларга чеберчилик, күч жана өзүнө болгон ишенимди арттырат. Бирок биздин команданын деми, мыкты даярдыгы, күйөрмандары турат. Андыктан, утуп алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул үчүн бардык аракетти жумшайбыз!

- «Ак шумкарга» ийгилик!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
keba300989
2019-11-14 10:05:34
чынын айтсам Кыргыз Футбол федерациясына боорум ачып кетти
+3
murat17
2019-11-14 13:18:57
чындыгында Япония азиянын эн кучтуу командасы Корея дагы бир аз аркараакта Австралия дагы аркада Катар болсо азия чемпиянаты ото кылдат даярданып барган бирок бул 3 команданын дэнгеелине жетпейт андан кийин иран
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан