"КТРКнын Байкоочу кеңешине ким төрага болору белгисиз" дейт Азамат Болгонбаев
КТРКнын Байкоочу кеңешине төрага болуп, үчүнчү мөөнөткө шайланган Жыпар Жекшеев кызматынан кеткен. Ал Байкоочу кеңештин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен кеткенин билдирген.
Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев азырынча төрагалык орунга ким келери белгисиз экенин айтат.
"Азырынча кеңештин мүчөлөрү жыйынга чогула элекпиз. Жыйын качан болору белгисиз, ноябрь айынын аягына чейин болот. Мыйзам боюнча жыйынды Байкоочу кеңештин улуусу Нурия Айдабосунова алып барат. Азырынча талапкерлер дагы жок", - деди ал.
Жыпар Жекшеев 2019-жылдын июнь айында КТРКнын Байкоочу кеңешине төрага болуп шайланган. КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамы 5 жылда, ал эми кеңештин төрагасы жыл сайын шайланып турат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:06
2019-12-10
22:21
2019-12-09
21:36
2019-12-09
20:23
2019-12-09
19:40
2019-12-09
16:58
2019-12-09
14:30
2019-12-09
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.