Кыргыз-Япония беттешин көрүү үчүн күйөрмандар стадионго шаңдуу бара жатышат (фото, видео)

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте Кыргыз өлкөсү Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония менен ойнойт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Беттеш саат 17:15те башталат.

Азыркы тапта Жеңиш аянтынан бери стадионду көздөй 200дөн ашуун күйөрмандар жөө ураан чакырып, шаңдуу бара жатышат. Алардын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы жеңет деген ишеним чоң.
Атайын Лейлектен Жоомарт Халил уулу күйөрмандык кылып келген. "Балдар менен чогуу күйөрмандык кылуудабыз. 2 күн мурун атайын Баткен облусунан келдик. Бизде жеңебиз деген ишеним чоң", - деди ал.

SUPER.KG порталы саналуу мүнөттөрдө оюндун жүрүшү боюнча онлайн трансляцияны баштайт жана кызыктуу учурлар камтылган фото-видеолорду жарыялайт.

Футбол боюнча Кыргыз-Япон беттешине күйөрмандар чогулууда
Футбол боюнча Кыргыз-Япон беттешине күйөрмандар чогулууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
futboler
2019-11-14 15:43:38
Кайтканда да шаңдуу кайткыла, жеңиш менен. Бирок стадионго чуркап чыкпагыла.
+6
Mashyrbek
2019-11-14 15:57:21
Алга Кыргызтан Лейлектен Салам жениш биз тарапда буйурса
+2
Sagyn.91
2019-11-14 15:59:56
Колдоп, тартипти сактап отургула, жапайыдай болуп, айкырып кыйкырып, бүт кыргызды уят кылбай.
-1
Romantik.
2019-11-15 01:11:34
Sagyn.91, чоң апа болбочу братан
-1
jike
2019-11-14 16:27:58
Жигиттер куйормандардын меенетин актагыла.силерге ишенебиз Алга АК шумкарлар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан