"Аламүдүн" базарынан жер тилке алганыбыз менен контейнер коё албай, түйшүк тартып жүрөбүз" дешет ижарачылар

Бүгүн, 15-ноябрда “SUPER MEDIA” пресс-борборунда "Кыргызстанда чириген байларга карата мыйзам иштебейби?" деген аталыштагы маалымат жыйын өттү.

Маалымат жыйынга ижарачылар Калыс Байгашкаева, Мадина Иманкулова жана жактоочу
Эмилбек Сопубеков катышышты.

Калыс Байгашкаева менен Мадина Иманкулова Бишкектеги "Аламүдүн" базарында кийим сатып иштеп келишкен ижарачылар. Алар базардын аймагынан жер тилкесин алып, бирок ал жакка контейнерин кое албай жатышат. Айтымдарында, жерге байланыштуу алардын колунда тиешелүү документтер бар.

"Акыйкаттык үчүн бизге мыйзам иштебейби? Бул ишти чечүүгө шаардык башкармалыктын жана башка органдардын алы жетпеди. Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калган жок. Жыйынтык болбогонунан улам, массалык маалымат каражаттарына маселебизди айтууну туура көрдүк", - дешти алар.

Ал эми алардын жактоочусу Эмилбек Сопубековдун айтымында, ал жерде "Аламүдүн" базарынын жетекчилигинин кызыкчылыгы бар.

"Ал жерге арыз 30-октябрда катталган. "Аламүдүн" базарынын жетекчилиги колуңардан келгенин кылып алгыла дептир. Кыргыз элинде бай адамдарды эл багаар деп коёт эле. Базардын бай жетекчилиги эки айымдан 20 чарчы метр жерди талашып турганы акылга сыйбаган иш. Оокат бир эле байларга керек эмес чыгар, башкалардын дагы оозу, мурду, бала-чакасы бар", - деди жактоочу маалымат жыйында.

Мадина Иманкулова: "Аламүдүн базарынын администрациясы ижарага алган жерибизге контейнер койдурбай жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakubek
2019-11-15 18:54:11
Олгондо тойот Салымбековдор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан