Балдар каникулун кантип өткөрүп жатышат? Издөө сурамдарынын алдыңкыларына киргендер

О! Мобилдик операторунан киберкоопсуздук боюнча долбоордун алкагындагы "Санарип дүйнөдө кантип аман калуу керек" рубрикасынын бүгүнкү чыгарылышы балдар каникул учурун кантип өткөрөрүнө арналган.

Бүт дүйнө жүзүндө

"Касперский Лабораториясы" каникул учурунда балдарды интернеттен YouTube каналынан видеолорду, жаңы сериалдарды жана баарлашуу кызыктырарын аныктады. Интернеттеги убактысынын маанилүү бөлүгүн жаңылыктар жайгашкан ресурстарын окууга жана онлайн-дүкөндөрүнүн ассортиментин изилдөөгө да жумшашат. Бүт дүйнө жүзүндөгү балдардын жеке жоопкерчилиги жок издөө сурамдарын анализдеп көрүү менен эксперттер балдардын бардык издөө булактарындагы бүт сурамдарынын 22%ын кандайдыр-бир фильмдерди жана сериалдарды эң көп издей тургандыгын белгилешти. Көпчүлүк учурда балдарды Жөргөмүш-Киши, Өч алуучулар тууралуу фильмдер кызыктырат.

Балдардын арасында популярдуулук боюнча экинчи орунда "Чернобыль" мини-сериалы турат. Эң кызыктуу нерсе, бул сериалдын ийгилиги менен бирге балдардын радиация жана ага байланыштуу бардык нерселерге кызыгуусу артты – издөө сурамдарында мурун он миңдеген эң популярдуу сөздөргө кире албаган “радиоактивдүү”, “радон” жана башка ушул сыяктуу сөздөр пайда болду.

Издөө сурамдарынын маалыматтарына ылайык, балдар компьютердик оюндарды дагы фильмдер менен сериалдарды издегендей эле издешкен, 19% учурларда Minecraft, Roblox жана Fortnite сыяктуу оюндар балдарда популярдуулукка ээ. Мындан тышкары, учурда балдар мобилдик платформаларга тезирээк өтүп жатышат жана көп учурда смартфондор менен планшеттерде ойношот.

Ал эми балдар интернетте кайсы коркунучтуу темалар менен кызыгышат?

  • чоңдор үчүн сайттар (24,12%),
  • алкоголь, тамеки жана баңгизаттар (15,11%),
  • кумар оюндары (9,73%).

Чечим

Балаңызды көптөгөн киберкоркунучтардан технологиялар коргоп калат, мисалы кыргызстандыктарга азыркы учурда "Касперский Лабораториясы" менен биргеликте иштелип чыккан уникалдуу O! Safe Kids тиркемеси жеткиликтүү. Бирок ошол эле учурда балдарды интернетте коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүнө, коркунучту аныктай билүүлөрүнө жана анын алдын-алуучу аракеттерди жасоого үйрөтүү маанилүү болуп саналат. Анын үстүнө балдардын интернетте эмне издеп жаткандыктары жана кандай контент менен бетме-бет келип жаткандыктары бул иште абдан чоң жардамын тийгизет.

O! Safe Kids тиркемеси баласынын интернетте эмне издегенин жана кайсы сайттарга киргендигин кабарлоо менен ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарынан кабардар болуусуна жардам берет. Бул шайманды кандайдыр-бир интернет-фильтр гана эмес, балаңыз менен ишенимдүү мамилелерди түзүү үчүн жардамчы катары да пайдаланып алыңыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан