ЖАМКнын Кайтаруу жана күзөт департаментинин каза болгон жоокеринин эжеси: "Иним бир аптадан кийин аскердик кызматын өтөп бүтмөк"

4-ноябрда ЖАМКнын Кайтаруу жана күзөт департаментинин жоокери каза болгон. Маркум жоокер бир аптадан кийин кызматын өтөп бүтүп, үйүнө кайтмак. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жоокердин эжеси Интизар Режебалиева билдирди.

Маалыматка ылайык, жоокер Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жаңы-Дыйкан айылынын тургуну болгон.

"Иним бир аптадан кийин аскердик кызматын өтөп бүтмөк. Байкем 3-ноябрда аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, баары жакшы экенин айтыптыр. Андан мурун менден жаңы форма алыш үчүн акча алып кеткен. Бирок анысын кийбей кетти. Ал келечекте энергетик болууну кыялданып, окууга да тапшырган. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү болчу. Спорт менен машыкчу. Анын өлүмүнүн так себеби азыр айтыла элек. Экспертизалар дайындалган, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Азырынча эч кимге доо арызыбыз деле жок", - деди ал.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан