Орусиянын Сургут шаарынын 4 кичи райондун жашоочулары сейил бакты сактап калуу үчүн бирден тизилип, курчап алышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Шаардын сейил багынын аймагында 200 миллион долларга жаңы автобекет куруу пландалып, бак-дарактар кыйылмак. Бирок аталган аймакта жашаган жашоочулар сейил бакты коргоого алышты. Алар нааразычылык акциясына чыгып, сейил бак автобекетке караганда маанилүү экендигин билдиришкен.
Бул акцияга Сургут шаарынын башчысы Вадим Шувалов "Сургут эли ынтымактуу экендигин жана долбоор жөнүндө маалымат элге туура жеткирилибей жатат. Тургундар менен бул тууралуу жолугушуу өтөт", - деп билдирген.