"Клиптеги кызга баш кошоюн дегем, бирок мамилебиз үзүлүп кетти" дейт "Супер хитке" "Келинчегим бол" чыгармасы кошулган Мурат Ниматов

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клиби кошулду.

"Чыгарманын сөзү, обону өзүмө таандык. Чыгарманы сүйлөшүп жүргөн, баш кошом деген кызыма арнагам. Клипте менин сүйүктүүмдүн ролун сүйлөшкөн кызым жараткан. Экөөбүз бир жылдан кийин баш кошобуз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок азыр мамилебиз үзүлүп кетти", - дейт ал.

13-НОЯБРДАН 20-НОЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Данияр Эрматовдун "Кыргызмын мен" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунга -Мурадил Данияровдун "Алтын апам" аталышындагы клиби жайгашты.

8-орун - Азизанын "Чакырба сүйүү мезгилин" аталышындагы чыгармасына буюрду.

7-орунду - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Калыс Жакыповдун "Күттүм сени" чыгармасы багындырды.

6-орунду - Айдин Шердин "Отуздан ашып барамын" видеокомпозициясы ээледи.

5-орун - Азат Раимбердиевдин "Карагым" клибине буюрду.

4-орунга - Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" чыгармасы жайгашты.

3-орун - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Курал Чокоев менен Шерхан Абкуловдун "Кыздар, ай" чыгармасы багындырды.

1-орун - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" чыгарма эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Wibee
2019-11-20 13:32:30
Неге андай болду.Суйгон адамдан ажыраган абдан жаман экен жашоо тугонуп кызыксыз болуп күн отбой калат екен
+3
Dembele84
2019-11-20 14:00:22
Кидала кылыптыр да анда сени!
-2
Hurem
2019-11-20 14:08:11
Жакшы чыгарма экен, азаматсын
0
albinochka2015
2019-11-20 18:43:53
Балким баары бутпогондур,кайра жарашаттырсынар.Бири бирине аябай топ келишет экен экоо.Кой антпегиле, жарашкыла.Муратта актердук чеберчилик бар да,жакшы ойногон клипте...Даниярдын тоюндай силер да той кылгыла,инстадан караап суктанып отурайлы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан