ИИМ: "Орусияда оор кылмышка шектелип жаткан жаран Ошто кармалды"

Орусияда оор кылмышка шектелип жаткан жаран Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ноябрь айында Араван районунун жашоочусу белгисиз адамдар андан акча талап кылып жатканын айтып укук коргоо органына арызданган.

"Кылмышкерлер Араван районунун жашоочусун сабап, коркутуу жолу менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө опузалаган адамдардын биринин аты-жөнү такталып, Ош облусунун Өзгөн районунун бир нече жолу соттолгон 1982-жылы туулган Д.А. аттуу жашоочусу кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Д.А. Москвадагы "Люблино" метросундагы станциядан эки Кыргыз жаранды уурдап кетүүгө дагы шектелген. Кийинчерээк алардын сөөгү табылып, кыйнап өлтүрүлгөнү маалым болгон. Орусиянын укук коргоочулары шектүүнү колго түшүрүү үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыялаган. Азыркы учурда соттун чечими менен Д.А. карата соттун чечими менен абакка камоо боюнча бөгөт чарасы тандалган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2019-11-20 23:27:27
Атып эле салып таштаса, ушуга окшогон жеп чвчарды, чындап эле ушундай кылмыш кылса!
+7
bekbol2006
2019-11-21 00:29:32
Лолудон баатыр чыкса элин чабат...
+5
Paol
2019-11-21 00:52:28
Өз көзүм мн көрбөгөндөн кийин күнөөлү деп айта албайм бирок күнөөлү болсо жазасын алсын
-1
bond02
2019-11-21 01:16:48
Мындай айтканда уйдо баатыр жоодо жок экен да, жалан кыргыздарга кучу жеткен.
+10
Kyrgyz_bloger
2019-11-21 01:41:50
Олум жазасына татыктуу адамдар арабызда жашап жатканы окунучтуу,уюшкан кылмыштуу топтун мучосу болсо ал зонада деле жыргап жашаса керек.
+9
Dembele84
2019-11-21 09:09:41
Пок курсактар башка улуттарга асылып корсун,кирчу жерине киргизе койот,баягы эле жоош кыргыз туугандарына чон болот
+6
katerina.li
2019-11-21 10:31:20
Буларды рай.сот боштондука чыгарып жиберди депатышты элего
+2
ma2as
2019-11-21 14:20:03
Эки адамды уурдап олтурдуу деген маалымат 2 жыл мурун болгон менимче , ошондон бери ушуга окшогон зоокурлор Кыргызстанда бей капар жургонуно тан калам. Акча берип оозун басып журогондо биздин куч органдарын .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан