Бишкекте кызды күч колдонуп уурдап, үч күн бою сабап, үйүндө кармап отурган жаран кармалды

Бишкекте адам уурдаганга шектелип 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан Ж.Н. аттуу аял баш мээсинен жаракат алып, ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган ооруканага ыкчам иликтөө тобу барып, жабырлануучудан окуя тууралуу маалымат алышкан. Жабырлануучунун айтымында, аны Эсен аттуу жаран үч күн мурун эркине каршы уурдап, Көк Жар жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде кармап жаткан. Ошондой эле аны сабаган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 1972-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинде шектүү СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2019-11-21 09:07:26
Озу барып алып,ойлогондой болбой калып анан тытыша кетип милицияга кайрылбады бекен?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан