Мамлекеттик Думада өлкөдө таксисттер Орусиянын айдоочулук күбөлүгү менен гана иштей тургандыгы жөнүндө мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, бул биринчи кезекте Орусияда эмес, КМШ өлкөлөрүндө айдоочулук күбөлүк алган жарандарга тиешелүү. Мыйзам долбоору Думада кийинки жумада каралат.
"Бул мигранттардын Орусияда таксист болуп иштегенине тыюу салуу эмес. Бирок коопсуздук үчүн чет элдик жарандар таксист болуп иштөөсү үчүн аларда Орусиянын айдоочулук күбөлүгү бар болушу керек", - деп билдирген аталган мыйзамдын авторлорунун бири, Орусиянын Федералдык Кеңешинин мүчөсү Людмила Бокова.