Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, келерки жума кадимки кыш мезгилиндегидей эле ызгаар суук, кардын жаашы менен коштолот. Тоолуу аймактарда абанын температурасы -20...-25 градуска чейин жетиши мүмкүн. Күн ачылган учурларда +8...+11 градуска чейин жылуу болору күтүлүүдө. Өлкө боюнча жолдордо муздар тоңот.
Эртең, 2-декабрда өлкөнүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка аймактардын көпчүлүк бөлүгүндө жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүй, Таласта +2 градустан +7 градус жылуу болсо, Ысык-Көлдө 0 градустан +5 градус, Нарын аймагында 0...-5 градус суук болот. Ысык-Көлдө 0...+5, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +4...+9 градус жылуу болушу күтүлөт. Ош облусунда күндүз +7 градустан жогору болот деп божомолдонот.
Бишкекте жамгыр, кар жаашы мүмкүн, +4…+6 градус жылуу болот.
3-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, -2....-4 градус суук болот. Нарында сууктун күчү -10...-15 градуска жетет. Оштун өрөөндөрүндө -5, Талас, Ысык-Көлдө -11, Чүйдө -7 градус суук болот.
4-декабрда, Бишкекте -1...-4 градус суук болот, жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында -5...-9 градус суук болсо, күндүн табы +7 градуска көтөрүлөт. Ош, Баткен, Жалал-Абадда болсо күндүн табы +10 градуска чейин жетет. Түнкүсүн суук -9, тоолуу аймактарда -15ге жетет. Ысык-Көл, Нарында -5...-16 градус суук болот.
5-6-декабрда, Бишкекте абанын температурасы -2...0 градус болот деп болжолдонгон. Нарын, Ысык-Көлдө сууктун күчү -15 градус болушу мүмкүн. Күндүз +5 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад, Баткенде күндүз +8 градус жылыса, Алай өрөөнүндө -15 градуска чейин суук болот. Тоолуу аймактарда жаан-чачын күтүлөт.
7-декабрда абанын температурасы төмөндөйт. Айрым райондордо жамгыр, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт.