Кыргызстандын калкынын саны 6 миллионго жетейин деп калды
2013-жылдын 1-августуна карата Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион 712 миң
адамга жетти. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети 15-августта билдирди.
Белгилей кетсек, июнь айында өлкөдөгү калктын саны 5 миллион 704 миң адамды түзгөн.