super.kg logo
«Жылдын супер балбаны»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Музейдеги кыздар жылаңачтанган көргөзмөнүн уюштуруучусу: "Бул - искусство"

 

Бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде жылаңач кыздардын катышуусунда өткөн көргөзмөгө байланыштуу нааразычылык акциясы өттү. Акциянын катышуучуларын жарандык активисттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү түздү. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов коомчулуктун нааразычылыгына себеп болгон иш-чара боюнча маалымат берди.

Министрдин айтымында, аталган көргөзмөдө аялдардын экономикалык эркиндигин чагылдыруу максаты болгон. Иш-чара 15 күнгө созулмак. Бирок көргөзмө өз форматынан жана темасынан чыгып кеткен. "Көргөзмөдөгү жорук кыргыз менталитетине туура келбейт", - деди Жаманкулов. Ал жыйын учурунда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин жетекчиси Мира Жангарачева өз жоопкерчилигин түшүнүп, кызматтан кетүү туралуу арыз жазып, ал арызга кол койгонун билдирди.

Жарандык коомдун пикиринде, көргөзмөдө порнографиялык элементтер болгон. Мындан улам, алар окуяга тиешелүү тараптарды жоопко тартууну талап кылышты. Алардын айтымында, бул нерсе көмүскөдө калбашы керек. Алар болуп өткөн көрүнүштү кыргыз маданиятына каршы, Европанын маданиятын жайылтуу саясаты катары сыпатташты. Алар билдиргендей, бейөкмөт уюмдар Кыргыз өлкөсүн каптап, батышчыл саясат акырындап улут канын соруп жатат.

“Эгемендүүлүк жылдардагы саясаттын жыйынтыгын чыгарбасак болбойт. Баары Баш мыйзамда жазылган. Баалуулуктун баары Баш мыйзамда болушу керек. Сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдарга көптөгөн өлкөлөр тыюу салышкан. Керек болсо, ал уюмдар башка өлкөлөрдүн “агенттери” деп ала кушту атынан аташ керек! Биздин экс-президент баш болуп, анын ичинде жүргөндөн кийин, демек, сырткы күчтөр өзүнүн максатына жетүүгө аракет жүргүзүп жатат", - деди журналист Кадыр Кошалиев.

Ал эми нараазычылык акциясынын уюштуруучуларынын сап башында турган Мелис Аспеков акциянын талаптары аткарылганын билдирди.

“Акция биз үчүн ийгиликтүү өттү. Себеби биздин талаптар толугу менен аткарылды деп айтсам болот. Биздин эң алгачкы талап 15 күнгө созулган көргөзмөнү жабуу, жетекчисин кызматтан алуу болчу”, - деди ал.

Чуу чыккан көргөзмөдөн улам кызматынан кол жууган Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт искусство музейинин мурунку жетекчиси Мира Жангарачева кызматтан кеткени тууралуу комментарий берди. Ал жетекчилик кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын музейдин жана ал жерде иштеген кызматкерлердин кызыкчылыгын ойлогондугу менен түшүндүрдү.

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өткөн көргөзмөгө илинген ич кийимдер алынганы тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Көргөзмөнү уюштуруучулардын башында турган Алтын Капалованын айтымында, көргөзмөгө дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 50дөн ашык сүрөтчү келген. Ал сценарий менен баштан аяк тааныш болгон жана анын пикиринде, бул нерсе искусство үчүн нормалдуу көрүнүш. "Заманбап искусство жана анын шаймандары болгон видео, жасалга, перфюменс аркылуу сүрөтчүлөр оюн чагылдырат. Бул нерсе бизде өткөн көргөзмөдө колдонулду", - дейт Капалова.

"Мира Жангарачева чынында көргөзмөдө Даниядан келген кыздын чечинерин жана башкалар да ошондой перформанс көрсөтө турганы боюнча билген эмес. Бул тууралуу мен билчүмүн. Анткени куратор катары иш-чаранын маани-маңызына жоопкерчилик болгондуктан, баары менен тааныш болчумун.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымат берип жатып эмне үчүн бизди чакырбайт? Ал жерге уюштуруучу катары бизди чакырышы керек болчу. Искусствонун тарыхында адамдар аскага сүрөт тарткандан тарта эле жылаңач дене көрсөтүлүп келген. Бул көрүнүш кайсы доор болбосун болуп келген, атүгүл илгери биздин музейлерде деле мындай окуялар болгон. Бул - искусство, аны түшүнө билүү керек", - деди Капалова.

Толугу менен видеодон көрүңүз, окурман.



Музейде кыздар жылаңачтангандан кийин анын директору кызматынан кетти

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(27)
02.12.2019. 22:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
01-08-2015
Соӊку аракети:
04-12-2019 11:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалган дуйно
+19
Искусство болсо анда өзүң да кызыңы да чечинтип көчөгө чыккыла.
02.12.2019. 22:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
03-12-2019 19:17
Жынысы:
Белгисиз
-24
Искуство эн сонун нерсе. Искуство аркылуу коомдогу стеоротиптерди жойсо болот. Бул бир гана ошондой стеоротиптерди жоюга багытталган. Кыскасы ызы чууга маани берип деле кереги жок. Эч кимдин эч нерсеси кемип кеткен жок. Раим уурулардан корккула.
sinej түзөттү 2019-12-02 22:52:04
02.12.2019. 23:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
427
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
07-12-2019 23:54
Жынысы:
Белгисиз
+17
sinej,сен уюштуруучулардан окшойсун эртеден бери тынбай жазып жатасың. Искусство менен уяттын айырмасын билбеген кандай адамсын. Өзүндо уул кыз бар чыгаар же болбосо өзүн дагы чечинип искусство деп туруп ал көчөдө. Бир нерсе десе эле динди айтып киресинер. Макул динди кошпогон кудо деле орус американстарын бул нерсени жактырбайт ал жака барып чечинип кор. Ой жүгүртүү болуш керек да бир аз. Мусулман өлкө болбосок дагы маданияттуу өлкөбүз,ата бабаларыбыз мындай кылган эмес
Mamiev түзөттү 2019-12-03 00:00:25
03.12.2019. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
08-12-2019 13:42
Жынысы:
Белгисиз
-2
Mamiev,
Кыргызстанда жарма потриоттор онолбойсунар.
02.12.2019. 22:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
07-12-2019 09:34
Жынысы:
Белгисиз
+13
бул байкуштар стриптизершаларды эмне дейт болду экен анда
02.12.2019. 22:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
425
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
08-12-2019 07:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+15
Озун дагы чечинип туруп албапсын да нормалдуу корунуш болсо.
02.12.2019. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
04-10-2011
Соӊку аракети:
07-12-2019 23:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
Камаш керек кураторунда. Мына европанын маданиятты.
02.12.2019. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
08-12-2019 13:42
Жынысы:
Белгисиз
-13
Азыр баары эле порно видеолорду корушот. Калп эле менталитет дей бересинерби. Азыр эч кимдин менталитет менен иши жок. Кунуго кор оокат.
02.12.2019. 23:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
08-03-2015
Соӊку аракети:
08-12-2019 09:59
Жынысы:
Белгисиз
+8
yrmat88, порно сен көрөсүң бир болсо,искуство деп коюп
03.12.2019. 05:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
08-12-2019 13:09
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jacob.,кечир минус басылып кетти
03.12.2019. 00:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
425
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
08-12-2019 07:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+14
yrmat88,уйундо озунчо порно коргон башка да,каалагандар 24 саат коро берсин,жеке жашоого эч ким кирише албайт,бирок бул жакта коомдук жай болуп жатпайбы,уйундун короосунан чыккандан кийин башкалардын укугу менен дагы эсептешууго туура келет.
03.12.2019. 04:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 17:44
Жынысы:
Белгисиз
+10
Уюштуруучунун кепетесине кускуң келетко, бул деле соо эместей.
03.12.2019. 09:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
07-12-2019 21:58
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уюштуруучунун кебетеси озу кыргыз кызынын кебетесине окшобойт экен, чачын эркектикиндей кылып алганында бул искусство деп тушундурсо керек.жыланачтанган бул искусство эмес, жыланачтанган бул-жапайычылык, жапайы адамдар кийим кийбей жыланач журушот, мисалы азыр деле жашайт амозонка токойлорунда ошондой жыланач адамдар.
03.12.2019. 18:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 17:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Janna07, Теңирчилер "денеде уят жок" деп дөөрүй башташыптырго эми, анда эмнеге жайында кийим кийинишип жүрүшөт экен жапайылар)))))
03.12.2019. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
08-12-2019 11:45
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул искусство болсо, анда озун эмне учун чечинип чыкпадын?
03.12.2019. 10:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
06-12-2019 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
" Жетинчи асман"
+5
Искусствон менен жерге кир, ошол Европада болушу мумкун бирок бизде эмес.
03.12.2019. 16:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
04-12-2018
Соӊку аракети:
08-12-2019 04:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Rakyl12,Европада кайсы коомдук жайда жыланач журот? Бул искусство эмес,коомду бузукулук иш кылуу.Эгер коом бузулса, мамлекет озунон озу жок болот.Ошондуктан мындай нерсеге каршылык кылуу керек.НПОлорду олкодон кууп чыгуу керек.
03.12.2019. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
08-12-2019 13:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
-3
Аспеков Мелис!Не дешимди да билбейм.Уят! Жигиттик намыс кайда?!
03.12.2019. 18:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 17:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu_bolgum_kelet, Мелис эмне кылды? Же алдагы чечинип чыктыбы? Ал наоборот тиги жылаңачтарга каршы акция өткөрүп, токтоттуруп салдыго бул мусор искусствосун. Түшүнбөй эле урдуруп окуп койгонсуңго байкуш)))).
03.12.2019. 22:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
08-12-2019 13:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
0
555-777,ии кечир
03.12.2019. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
28-08-2017
Соӊку аракети:
08-12-2019 03:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Өрүк зарлуу Баткенден
+2
Лесбиянкалар да.
03.12.2019. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
08-12-2019 10:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
+2
Гебетен менен
Super TV
03.12.2019. 15:35 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-11-2019
Соӊку аракети:
06-12-2019 11:24
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адамдын сырткы келбетине карап жыйынтык чыгарган адамдарга тушунбойм. Кебетеси эркеке окшош экен,ушу соо эмес дейсинер. Озунорчо эле патриот боло бербегилечи кыйын болуп. Мен да кошулам аялдардын укугун коргош керек. Жогоруда директор айткандай кыйын патриот экенсинер кучунорду жаш балдарды зордуктаган ,аялдарын уруп согуп кордогон, аялдардын укугун тепселеген эркек соройлордон чыгаргыла. Бул менин жеке оюм!!!
03.12.2019. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
04-12-2019 16:24
Жынысы:
Белгисиз
-1
Андай европалашып кеткен коргозмо биздин элге болбойт биринчиден. Бизде улуулардан ийментуу,тартынуу,кичуулорду ызаттоо, ар-намыс деген нерсе илгертен эле кучтуу. Экинчиден ушунча жыл музейде директор болуп эмгектенген Мира Жангарачева эжебизди алдабай эле планынарды толук айтып откорсонор болмок. Жон жерден эже ишинен кол жууп калды. Андыктан коомдук иш чараны ойлонуп узкий кругга гана жасасанар болмок да.Жыланачтануу-бул искусство эмес кыргыз учун-бул абдан УЯТ нерсе.
03.12.2019. 18:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 17:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10,Мира эжеңе аябай эле күйүпсүңго байкушка чыгарып. Ал макул чындап билбептир, бирок ошолорду көрөр замат дароо эле токтотуп койгонго укуктуу болчуда, (ушунча тополоң кылып, жумушунан кеткенге чейин оозун ачпай) себеби программада бул жок болчу деп. Биздин маңкурт бийликти жазында 8-мартта эле көргөнбүз гейлердин парадында, билбейбиз деп кутулушкан.
03.12.2019. 18:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 17:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазында эле гейлердин акциясындада ушундай аңкоолук болгон биздин былжыраган бийликтерде, андада равшан жеенбеков баш болуп, ыплас нерселерди жасашканда, бийлик "Бизге программада жок дешкен, бизди алдады" деп ооздорун ачкан, мынтип бошошуп былжырай берсеңер өзүңөрдүда алдап неме этип кетишет бул ыплас НПО лор. Уже сырыңарды алдырдыңар, эми ушундай ыплас иштерин силерге айтпай программаларынын ичине тыгып коё беришет)))).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134733;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: