Оштогу № 36806 аскердик бөлүктүн эки жоокери качып кетип, табыла элек. Бул тууралуу Башкы Штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки жоокер 2019-жылдын күз айында аскерге кабыл алынышкан. Алар кечээ, 3-декабрь күнү саат 16:00 чамасында качышкан.
"Учурда Аскер прокуратурасы бул тууралуу маалыматтарды алып, издөө иликтөө иштерин баштады", - деди басма сөз кызматынан.