Бүгүн, 4-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев соттук системде болуп жаткан баш аламандык өлкө башчыга жетпей жатканын айтты.
"Дал ушул соттук отурумда биз укуктук мыйзам бузуулар болгонун жана эч кандай материалдык жактан жардам албаганыбызды далилдей алдык деп ойлойм. Биздин жасаган аракеттерибиздин натыйжасы катары бүгүнкү күндө ЖЭБдин иштеп жатканын айтсак болот. Отурумда кылмыш болгону далилденди, бирок ЖЭБди модернизациялоодо эмес. Тергөөдө жана соттук-экономикалык экспертиза жургүзүүдө кылмыш жасалганы аныкталды. Бизди айыптоо үчүн канча мыйзам бузулганын санап бердим. Мына ушунун баары бизди айыптап жаткан "кошоматчылык жана карьера" үчүн жасалып жатат. Бизге карата коюлган жоромолдор жана материалдарды бурмалоо менен жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде айып тагылды. Жеке кызыкчылык үчүн адамдардын тагдыры менен ойногонго болбойт. Жалган көрсөтмө берүү эң оор күнөө. Биз баарыбыз мусулманбыз, билишибиз керек. Ар бирибиз жасаган иштерибиз үчүн Кудайдын алдында жооп беребиз. Мен силерди Кудайга койдум!", - деди ал.
Мындан тышкары, Калиев коом журналисттерге ишенерин жана журналисттердин арасында чындыкты казып чыккан патриот табыларына көзү жете турганын кошумчалады.