"Кумтөр" кенинде жоголгон эки кызматкерди издөө иштерине 94 куткаруучу жана 35 техника тартылды

Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкери дагы деле дайынсыз болууда. Аларды издөө иштери улантылып жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Азыркы учурда издөө иштерине 94 куткаруучу тартылган. Арасында кинологдор жана альпинисттер бар. Мындан тышкары, 13 бульдозер, 6 экскаватор, 14 самосвал, 1 автогрейдер жана 1 жүктөгүч, жалпысынан 35 техника тартылган.
Кескин түрдө жылып кеткен жараксыз катмарды тез арада алып таштоо үчүн датчиктер орнотулган. Башка жараксыз катмарларда коркунуч жок. Издөө иштери жүрүп жаткан аймакта маал-маалы менен радиоактивдүү нурлануу өлчөнүүдө. Ага ылайык, радиоактивдүү нурлануунун өлчөмү саатына 21-28 рентгендин миллиондук үлүшүн түзөт. Бул көрсөткүч белгиленген чектен ашпайт", - деди маалымат кызматынан.

1-декабрда эртең менен "Кумтөрдүн" эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер "Кумтөрдөгү" жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2019-12-06 08:38:40
Тируу эле табылып калсын, (омиин)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан