Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңеште “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамды аткаруу боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган укук коргоо органдарынын, тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты.
Жыйындын соңунда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сөз алды.
"2-3 айдан бери аткезчилик, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча коомчулукта айтылып келген маселени топтоп, тийиштүү жетекчилерден маалыматты бүгүн уктук. Түшүндүрүүгө келгенде аксап калып жатабыз. Интернеттеги түрдүү фейк маалыматтардан улам Кыргыз мамлекетин мокочо кылып коюшту. Бирок ошого жеңилип калбай, өкмөт өз булактары аркылуу маалыматтарды берип турушу керек.
Аэропорт аркылуу, банктагы которуулар аркылуу чыгып жаткан акча кимдики? Кээ бирлердин "элдин, бюджеттин акчасы уурдалып, тоноо жолу менен чет өлкөгө алып чыгып кеткен бир канча адам байып кетти" деген сөзүнө карапайым калк ишенип калды, аларды адаштырып коюшту. "Дордой", "Мадина", "Кара-Суу" базарында иштегендер айына 5, 10, 100 миңдеген долларга соода кылып, Кытайдан же Түркиядан товар алуу үчүн ошол акчаны чогултуп, банк аркылуу которууну кымбат дешеби, айтор, ушундай ишти уюштурган бир кишиге беришет экен. Ал жол деле мыйзамдуу. Топтолгон акчаны аэропортко алып келишет, декларация толтурушат, миллион долларбы же он миллион долларбы, аны көрсөтүп, кийин тийиштүү өлкөгө жеткиришет. Ал жактан кайра биздин өлкөдөгү ишкерлерге товар келет.
Акча ташуу бизнеси, балким, бүгүн талаш болуп жатат. Ошондон улам аэропорттогу өлүмдөр болуп жаткандыр", - деди спикер.
Жумабеков андан ары мамлекеттик казына тууралуу депутаттарга кайрылды. "Кыргыз мамлекетинин бюджетин жакшы билесиздер, бул жерде ар бир тыйынына чейин сурайбыз. Баары биздин көзөмөлдө. Биздин алдыбыздын өтүп жатат", - деди төрага.