Кыргыз улуттук байлыктары эл аралык фестивалда көрсөтүлдү

Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилиги эл аралык фестивалга катышты. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрь күнү Вашингтондо "Эл аралык элчиликтер көргөзмөсү" ("Winternational Embassy Showcase") эл аралык фестивалы болуп өттү. Иш-чарага 60тан ашуун АКШда аккредитациядан өткөн өлкөлөр, алардын арасында Кыргыз өлкөсү катышты. Фестивалдын максаты - чет өлкөлөрдүн туристтик, экономикалык жана маданий-гуманитардык кудуретин көрсөтүү.

Кыргыз Респуликасынын АКШдагы элчигилиги тарабынан фестивалда алдыңкы кыргыз ууз, чеберлеринин эмгектери, улуттук тамак-аштар, улуттук кийимдер жана туризм тууралуу буклеттер көргөзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан