Ош облусунун Ноокат районунда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн инспектору 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлаган. Инспектор 2 айга үй камагына алынганын өздүк булактардан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокат райондук соту инспектор З.Кнын жашы жете элек 2 баласы бар экенин эске алып, аны 2 айга үй камагына чыгарды.
Пара алып жаткан жеринен кармалды делинген инспектордун абалы сурак учурунда начарлап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.