super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Экскаватор бузулуп, иш токтоп калган. Бүгүн ишке киришебиз", - дейт компания жетекчиси

 

"Элдик кабарга" бүгүн, 6-декабрь күнү Бишкектеги Ак-Тилек жаңы конушунун тургуну "Кырк Чоро көчөсүн борбордук канализацияга туташтырабыз деп казып салып, иш токтоп калды" деген нааразычылыгын айтып байланышкан. Бул окуя боюнча иш алып барган "Азия строй" компаниясына байланыштык. Компаниянын директору Эрмек Токтосунов SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Казуу иштерин биз 20-ноябрда баштаганбыз. Көчөнүн ылдый жагынан баштап казып келип, көмүүгө келгенде экскаватор бузулуп калды. Биз бир үйгө канализация киргизген жокпуз да, бир көчөнү толук, (513 метр) казып жатабыз. Ал бир жумада бүтчү иш эмес. Жер казылып, түтүктөр коюлган соң "Бишкексууканалдан" эксперттерди чакырып, ар бирин текшертебиз. Алардын көзөмөлүнөн өткөндө гана көмөбүз. Азыр 300 метрдей көмө турган жер, 70 метрдей казылчу жер калды. Бүгүн ишке киришебиз", - дейт ал.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.12.2019. 20:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
247
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
30-01-2020 02:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемпиримдин журогу
0
Ушуну жиберген адамдын үйұнү канализацияга кошпой коюш керек. Шүгүр кылганды билбей эптеп эле бирдемени чукуласам деген бирөө окшойт. Андан көрө канализацияны чукулашып жардамдашып ийсе сооп болмок.
07.12.2019. 09:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
04-03-2013
Соӊку аракети:
29-01-2020 23:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мындайлар жерди казып туруп айлап, жылдап таштап коюп жатышпайбы, же комбойт, же туздоп коюшпайт, топурактары тегерегине жайылып бутот жаанда ылай болуп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136762;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: